// //

Токсикозду жеңилдетүүчү үчүн 3 пайдалуу ыкма

2022.04.11, 12:05
4806

Салам достор! Акушер-гинеколог Элнура Таштемирова токсикоз тууралуу маалымат берип, аны кантип жеңилдетсе болору тууралуу айтып берди. 

Токсикоз - кош бойлуулук учурундагы эң жагымсыз көрүнүштөрдүн бири. Эрте токсикоз (кош бойлуулуктун 12 жумасына чейин) жана кеч токсикоз (20 жумадан баштап) болот.

Кош бойлуулуктун 5-6 жумасынан эрте  токсикоз башталат, бул мезгилинде аялда дайыма жүрөк айланып кусуп  бул анын жашоосуна терс таасирин тийгизет.

Токсикоз оордугуна жараша 3 даражага бөлүнөт:

  1. Жеңил - кусуу суткасына 5 жолудан ашпайт, кош бойлуу токсикоздун бул түрүндө  3кг чейин  салмагын жогото алат.
  2. Орточо - кусуу күнүнө 10 жолуга чейин байкалат, аял болжол менен 2 жумада 3 кг салмактан арылат, жалпы абалы начарлайт жана дарыланууга тийиш.
  3. Оор - суткасына 20 же андан көп жолу кайталануу, дене салмагынын олуттуу төмөндөшү (10 кг же андан көп), жалпы абалы оор, денеде "обезвоживание" байкалат, бөйрөк жана боор ишинин  бузулушу  мүмкүн - стационардык дарыланууга тийиш.

Жүрөк айлануу жана кусуудан тышкары, алгачкы токсикоздун белгилерине төмөнкүлөр кирет:

  • шилекей агып кетүү
  • кыжырдануу
  • уйкучулук жана алсыздык
  • кээ бир тамактарга көз карандылык
  • жыттарга сезгичтик.

Кош бойлуулуктун биринчи жумаларында токсикозду жеңилдетүү үчүн:

  • эртең менен ойгонгондон кийин кургатылган жемиш же печенье жеңиз
  • майлуу тамактардан жана газдалган суусундуктардан баш тартыңыз
  • жаныңызда ар дайым лимон ширеси менен суюлтулган бир бөтөлкө суу болсун.таза сууну көбүрөөк колдонуңуз.

Ачуу, туздуу, майлуу, ышталган тамактарды, пиязды жана сарымсакты баш тартуу зарыл. Мындай тамак-ашты сиңирүү кыйын жана  организмге кошумча күч алып келет.

Токсикоз учурунда сизге эмне жардам берди?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт