Үй-бүлө: Нике жана “талак”

Үй-бүлө болгон соң албетте анын жыргалы, баштан өтө элек көп турмуштук сабактары да болот эмеспи. Адатта улуулар өз тажырыйбасы менен бөлүшүп кеп-кеңешин беришсе айрым учурларда диний кеңештер, сабактар жардам берет. Үй-бүлөнү күтүү чеберчилиги бир гана аял затына жүктөлбөстөн күйө, ата-энеге да берилген. Бул жаатта теологдор, дарыгер-генетиктер эмнелерди айтат?

Окурмандарыбыздын бири жүрөк өйүткөн болочок жубайы туурасында суроосун узатты.

  • Мен үйдүн кичүүсүмүн. Орус кыз менен сүйлөшөм. Ата-энем, бир туугандарым каршы. Сүйлөшпөй коеюн десем бири-бирибизди сүйөбүз. Мен ал кызга сага үйлөнсөм ислам динин кабыл аласың десем, ата-энесинин каршы болгонуна карабастан макул болгон. Эгерде турмуш курсак өтөм деди. Мен мусулман болуп туруп, орус кызына үйлөнсөм кандай болот? Шарыятка туура келеби? Ата-энемди кантип көндүрсөм болот?

Ага теолог Кадыр Маликов жооп берип жатып исламда улут деген түшүнүк жок экенин, мусулман жигиттер башка улуттарга үйлөнсө болоорун айтат.

  • Мусулман жигиттерге мусулман, иудей, христиан дин өкүлдөрүнүн кыздарына үйлөнүүгө уруксат берилген. Эң негизгиси сиздин сүйлөшкөн кызыңыз, ислам динин кабыл алууга макул болуптур. Исламда улут деп бөлгөн түшүнүк жок. Динге ишенген же ишенбеген адам деп гана бөлүнөт. Андыктан шарыят боюнча сизге ата-энеңиздин каршы болгонуна карабастан үйлөнүүгө уруксат берилет. Ооба, ата-эненин макулдугу болсо жакшы болоор эле. Бирок сиз сүйлөшкөн кызыңызды түбөлүк жар кылууга тандасаңыз, ага үйлөнүүгө укугуңуз бар. Бул шарыятта айтылган. Ата-энеңизге жакшылап түшүндүрүп айтыңыз. Алардын батасын, ыраазычылыгын алганга аракет жасап көрүңүз.

Жаштардын үйлөнүүсүнө ата-энелери каршы болгон соң, жашыруун нике кыйып үйлөнсөк болобу дегендер да жок эмес. Көп учурда ата-эне, өздөрү көз салган кыздарга, же жакшы таанып билген адамдары менен "куда-сөөк" болгулары келип каршы болушат. Мындан улам динге жакын жаштар жашыруун болсо да нике кыйып, светтик жаштар арасында болсо никесиз эле жашап алгандарын кезиктирүүгө болот.

  • Менин жашым 18 де. Эки жылдан бери бир бала менен сүйлөшөм, буюрса кийинки жылы баш кошолу деп жатабыз. Биз ата-энебизге айтпай жашыруун нике кыйып турсакпы дегенбиз, себеби алар уруксатын беришпейт. Бул шарыятка туура келеби? Күнөө эмеспи?- деп кайрылат дагы бир окурмандарыбыздын бири.

Албетте ар бир суроо ойлонуп табылган окуя эмес, мындан улам купуялуулукту сактоо менен бирге, бул учур боюнча теолог Улан Усуповго кайрылдык.

  • Никенин жашыруун кыйылганы болбойт, ал ачык, ага-тууган, жоро-жолдошторго жарыя түрүндө кыйылат, максаты да ошондой. Ата-эненин уруксатын, батасын албай үйлөнүп алсаңар, агарып-көгөрүп, бакытка бөлөнүп кетпейсиңер. Алардын көңүлүн, батасын алууга аракет кылгыла. Азырынча нике кыйдырып алалы, бирок жашыруун түрдө дегениңер албетте туура эмес. Нике - жоопкерчилик. Ошончо убакыттан бери сүйлөшүп жүргөн болсоңор, бири-бириңерди сүйсөңөр, эртерээк ак никеңерди кыйдырып, ага-тууганды чакырып той берип шарыятка ылайык каадасы менен баш кошуп алгыла..

Ошол эле учурда үйлөнүп алып кайра “талак” берип салгандар да жок эмес. “Талак” эмне экенин билбей, аны түшүнбөгөндөр, ачуу сүйлөп койсо же таарынып төркүнүнө кетип калса эле “талак” берип салгандар бар.

  • Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга эки жыл болуп калды. Ортодо бир балабыз бар. Бир күнү ичип келип мени аябай катуу сабап койду. Эртең менен төркүнүмө баса бердим. Бир канча убакыттан кийин "мен силерсиз жашай албайм, сагындым силерди" деп кечирим сурап келди. Ал кезде балам экөөбүз тең сасык тумоо болуп, ооруп жатканбыз, азыр кете албайбыз, айыкканда алып кет десем ачуусу келип, кетпесең анда биротоло ажырашалы деп Кудай күбө “талак” бердим деп 3 жолу айтып үйдөн чыгып кетти. Бир айдан кийин кайра жалдырап "силерсиз жашай албайт экенмин, талакты жиним менен айтып алдым" деп келди. Ойлондум, акыры баламды тирүүлөй жетим кылбайын, эркек бала болгондон кийин атанын тарбиясы керек деп жараштык. Кайра келгенден бери какшап күнүгө айтам, мечитке бар, имамдан сура эмне кылуу керек экенин бил, бир нерсе десе баралы болбосо үйгө чакыр дедим. Келгениме 3 ай болду, такыр көңүлсүнбөйт. Уялып жатам, кантип сурайм, жумуштан такыр кол бошобой жатат деп коет. Эмне кылсак?

Молдолор нике кыйып жатканда “талак” маселесин түшүндүрүү менен жаштарга диний сабак берип, ата-энеси да баласын үйлөнтүп жатканда ага “үч талак” эмне экенин түшүндүрүшү зарыл. Бирок азыр ата-энелердин өздөрү “талак” эмне экенин түшүнбөгөн учурлар бар дейт аалымдар. Теолог Улан Усупов “талак” боюнча төмөнкүлөрдү айтат.

  • “Талак” менен байланыштуу маселеде мечиттердин имамдарына жолугуп фатва, башкача айтканда бул маселе боюнча диний өкүм кандай болоорун сурап билип жолдошуңуз экөөңүздөр чогуу барышыңыздар керек. “Талак” маселесинде аалым менен бетме-бет жолугушуп, окуяны төкпөй-чачпай ага айтып бергиле. Жолдошуңузду аалымдын алдына тезирээк жетелеп барыңыз. Анткени, “талак” түшкөн болсо, никеңер ажырап, чогуу жашооңор арам болуп калат. Эмне кылышыңар керегин алар айтып берет.

Ошондой эле үй-бүлө курууда жакын туугандарга үйлөнүү маселеси да жок эмес. Адатта 2-3 ата өтүшкөн туугандар же бөлөлөр арасында үйлөнүп алгандар бар. Анын келечеги, ден-соолук жана диний жааттарында кандай нерселер болушу мүмкүн?

  • Мага тууган бир кызды жакшы көрөм. Анын апасы менен менин таенем бир тууган. Мындайча айтканда апалары бир, аталары башка. Ал кызга үйлөнсөм болобу? Бул боюнча ата-энеме айта элекмин.

Мына ушундай суроо менен кайрылган окурманыбызга дарыгер-генетик Мээрим Курманалиева, туугандардын бири-бирине баш кошпогону туура дейт. Анткени жөнөкөй үй-бүлөлөргө салыштырмалуу балдардын майып төрөлүү ыктымалы жогору экенин айтат.

  • Сиздин абалда келечектеги балдарыңыздын ден-соолугуна терс таасири тийээрине 25 пайыз коркунуч бар. Мисалга, төрт баланын бирөөсү майып төрөлүшү мүмкүн. Алсак, ата-энелери бир тууган болгон күндө деле, алардын ата-бабалары бир. Чоң апасында же чоң атасында рецессивдик ооруну алып жүргөн ген бар болсо ал кийинки тукумдарына берилет. Рецессивдүү ген аркылуу берилген оорулар абдан көп, эң жаманы бала майып же өлүк төрөлүп калышы мүмкүн.

Мына ушундай үй-бүлөгө байланыштуу жана баш кошконго чейинки билип ала турган маселелер менен кайрылган жаштар, атайын адистердин кеп-кеңешине ээ боло алышат. Эгер сизде да үй-бүлөгө, же диний багыттагы суроолоруңуздар болсо, www.bilesinbi.kg сайтына кайрылып суроолоруңуздарды жөнөтсөңүз болот.

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт