// //

Аялдын жыныстык катнаштан коркушу бул оорунун белгиси

2022.03.28, 11:53
1792

Кээ бир айымдар жыныстык катнашка баруудан катуу коркуп, өнөктөшүн өзүнө жакын жолотпойт. Сексологдор бул көйгөйдү “вагинизм” деп аташат. Вагинизмдин пайда болуу себептерин жана дарылоо жолдорун КММА медициналык борборунун сексопатологу Комаровер Илья Нухимович айтып берди.

Вагинизм – бул  жыныс кынынын булчуңдарынын эрксиз жыйрылышы, ар бир вагиналдык кирүүдө ыңгайыздык жаратат, ачыштырат жана катуу оорутат. Вагинизм жыныстык катнаш учурунда гана байкалбайт, мисалы, аял тампон салууга аракет жасаганда же гинеколог текшерейин дегенде да жыныс кыны катуу ооруйт.

Вагинизм аялдын жыныстык катнашка толук катышып, кумар алуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизет. Оорутуу менен коштолгон жыныстык катнаштын, сексуалдык дисфукциянын өзгөчө формасы десек болот.

Көп учурда аялдын вагинизмге чалдыгышына төмөнкүлөр себеп болот:

  • Катуу психологиялык стресс
  • Сексуалдык зордуктоо (зордуктоо же зордуктоого аракет жасоо)
  • Үй-бүлөдөгү зомбулук жана чыр-чатак
  • Балалыгында кабылган коркуу сезими
  • Ар кандай жугуштуу инфекцияларга чалдыгуу
  • Депрессия, терс эмоционалдык реакция, тынчсыздануу абалы, ар түрдүү психологиялык бузулуулар
  • Катуу диний адеп-ахлактык тарбия.

Вагинизм сексуалдык дүүлүгүүнүн пайда болушуна тоскоолдук жаратпайт, бирок жыныстык катнашка барууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Вагинизмди дарылоо жолдору:

  • Вагинизмден арылуу үчүн аял гана эмес жубайлардын экөө тең сексопатологго барып консультация алышы керек.
  • Аял вагинизмге эмнеден улам чалдыгып калды, себебин билүү менен индивидуалдуу дарылоо жүргүзүлөт.
  • Так диагноз коюу үчүн сексопатолог бейтап менен маектешет. Маектешүүнүн жыйынтыгында вагинизмди провокация кылган факторлор аныкталат, кийин аларды чечүү жолдору каралат. Керек болгон учурда бейтапка психотерапия сеансы жазылып берилет.
  • Эсиңерде болсун, вагинизмди өз алдынча дарылоо мүмкүн эмес! Көйгөй курчуп кете электе, сексопатологго кайрылуу керек. 

Сексопатолог  Комаровер Илья Нухимович

Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 1, КММА медициналык борбору

Телефону:  0312 56 55 52, 0773 22 90 62.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт