// //

Кызыл, ак, сары, жашыл... Жыныс кынынан келген "выделения" түсү эмнени билдирет

2022.03.22, 12:47
14780

Жыныс кынынан чыккан нормалдуу "выделения" организмдин туура иштеп жатканынан кабар берет. Тактап айтканда, дене жыныс кынын ашыкча микробдордон, өлүк клеткалардан, таштандыдан тазалап жана коргоо үчүн бөлүп чыгарат. Мисалы, сексуалдык дүүлүгүү жана овуляция учурунда "выделения" көбөйүшү нормалдуу көрүнүш. Ал эми жагымсыз жыты бар, ар кандай түстөгү "выделения" келе баштаса, кабатыр болууга негиз бар. 

Кызыл 

Кызыл түстөгү "выделения" ачык кызылдан баштап, кара кызылга чейин өзгөрүшү мүмкүн. Кызыл "выделения" көбүнчө этек кир учурунда келген кандын натыйжасы болуп саналат.

Этек кир орточо эсеп менен ар бир 28 күндө бир келет, кээде 21-35 күндө бир келиши мүмкүн (мындан өтүп кетсе гинекологго баруу керек). Узактыгы ар кимдики ар кандай, орточо эсеп менен 3-5 күнгө созулат.

Эгерде этек кири баштала электе, айталы ортосунда кызыл түстөгү "выделения" кан келсе, дарыгерге кайрылуу керек. Бул кээде олуттуу медициналык абалдын белгиси болушу мүмкүн.

Ак 

Ак түстөгү "выделения" крем сыяктуу же ачык сары сымал болушу мүмкүн. Эгерде адамда олуттуу симптомдор жок болсо, анда ак түстөгү "выделения" - жөн эле "смазканын" белгиси. Эгерде ак түстөгү "выделения" быштак сымал болсо же жагымсыз жыт менен коштолсо, анда бул инфекцияны көрсөтүшү мүмкүн. Бул учурда дароо гинекологго чуркаш керек. Ошондой эле, коюу, ак, жыты ушунчалык жагымсыз "выделения" грибок инфекциясынан кабар берет, ал кычыштырат же ачыштырат.

Сары жашыл

Сары, саргыч жашыл же жашыл түстөрдөгү "выделения" көбүнчө бактериялык же жыныстык жол менен жугуучу инфекциядан кабар берет. Эгерде сиздин кыныңыздан келген "выделения" коюланып, топтошулуп же жагымсыз жыт менен чыкса, дароо дарыгерге кайрылыңыз.

"Розовый"

"Выделения" ачык же кочкул "розовый" болушу мүмкүн. Адатта бир аз кан аралашкан болот. Бул түстөгү "выделения" көбүнчө этек кирдин алдында былжыраган сымал болуп келет. Бирок, ошол эле учурда кош бойлуулуктун алгачкы мезгилиндеги кан агуунун белгиси болушу мүмкүн. Кээ бир адамдарда овуляциядан кийин келиши мүмкүн. Бул учурда коркунуч жок. Эгерде жыныстык катнаш учурунда жыныс кынында жаракаттар пайда болсо дагы "розовый выделения" агат.

"Прозрачный"

Көпчүлүк учурда нормалдуу "выделения" тунук же ак түстө болот. Бул жылмакай  же жумуртканын агы сыяктуу болушу мүмкүн. Овуляциянын алдында, сексуалдык дүүлүгүүдө жана кош бойлуу кезинде ачыгыраак, жылмакай "выделения" көбүрөөк келет.

Боз

Боз түстөгү "выделения" келсе кооптонууга негиз бар жана бактериялык вагиноз деп аталган жалпы бактериялык инфекциянын симптому болушу мүмкүн. Тезинен дарыгерге кайрылуу кажет.

Кандай болгон күдөн дагы "выделения" келсе, гинекологго же урологго барып бир көрүнүп коюу керек. Ооруну убагында дарыласа, бат жоголот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт