// //

Аутизм менен жапа чеккен балдардагы алгачкы белгилер жөнүндө

2022.03.01, 13:31
4520

Аутизм – бул курчап турган чөйрө жана адамдар менен социалдык мамиле түзүүнүн бузулушу менен байланышкан психикалык өнүгүүнүн бузулушу.

Аутизм менен жапа чеккен балдардагы алгачкы белгилер көбүнчө 1 жашка чейинки кичине куракта көрүнөт.

Аутизм менен ооруган балдар окшош эмес, бирок алардын баарында мүнөздүү симптомдор бар:

  • социалдашууга жана мамиле түзүүгө жетишүүдөгү кыйынчылыктар: бала көздү карабайт, көз менен байланышуудан качат; өзүнүн атын чакырганда жооп бербейт, ага бир нерсе керек болсо дагы сүйлөшүү үчүн сөздөрдү жана жаңсоолорду колдонбойт, мимикасы жок, жооп катары жылмайбайт,  бала курчап турган дүйнө менен байланышуудан баш тартат же буга кызыгуусун билдирбейт, башка адамдар менен мамиле түзө албайт;
  • стереотиптүү аракеттердин, чектелген кызыкчылыктардын болушу:  мисалы, бала таяктарды гана чогултат, унаалардын дөңгөлөктөрүн айландырат. Ошол эле учурда анын көңүлүн башкага бурдуруу кыйын.
  • кайталануучу жүрүм-турумдун болушу: бала бир эле аракетти көп жолу кайталайт, мисалы: тартмаларды ачат жана жабат, жарыкты күйгүзөт жана өчүрөт, мисалы: баш чайкоо, эки жака термелүү, манжаларын тарткылоо;
  • сенсордук кыйынчылыктардын болушу - мисалы, бала үнгө же жарыкка өтө сезгич болушу ыктымал, ар кандай жыттарга жана даамдарга сезимтал келиши, ата-энелери менен тактилдик байланыштан баш тартышы  мүмкүн.

Төмөндөгүдөй кошумча кыйынчылыктар көп келип чыгат:

  • тамактануудагы кыйынчылыктар
  • уктап кетүүдөгү кыйынчылыктар
  • кооптуу бузулуулар
  • эпилепсия
  • көңүл буруудагы көйгөйлөр
  • кыймыл аракетти координациялоо көйгөйү
  • өзүн-өзү кыйратуучу жүрүм-турум (өзүнө карата агрессия)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт