// //

Күйөөм экөөбүздүн ортобузда төшөк мамилеси жок. Ажырашып кетсемби?

2022.02.01, 15:57
18718

Саламатсызбы! Турмушка чыкканыма бир жарым жыл болду. Бир ай мурун уулду болдук. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп, сүйүшүп баш кошконбуз. Мага кылган мамилеси жакшы, ичпейт, кол көтөрбөйт. Кайын атам менен кайын энем дагы сонун адамдар. Болгону, бизде төшөк маселеси жок. Сурасам кош бойлуулук учурда жатканга болбойт деп коет. Жакында телефондон бир аял экөө укмуш уят сөздөр менен жазышканын билдим. Көрүп алып өзүмө келалбайтам. Кантип ушул жолго барды? Мени сүйсө муну кылмак эмес. Алдап башка менен жатып жүргөн окшойт. Кармап калган жокмун, каттарын окуп ушундай ойго келдим. Ажырашып кетсемби? Кантип жашайм? Жүрөгүм муздап калды. Кеңеш беринизчи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.02.2022, 16:03

Тамара Воронцова

Психолог

Саламатсызбы! Болжолдоруңузду жана шектенүүлөрүңүздү жазыпсыз. Суроолоруңузга күйөөңүздөн жооп алсаңыз жакшы болмок, алгач аны менен ачык сүйлөшүүгө аракет кылыңыз.

Ортоңордо секстин жоктугу олуттуу көрсөткүч, анткени үй-бүлөдө бул өтө маанилүү нерсе болуп саналат! 

Болду сүйүү жок десе жана сиз менен жашагысы келбесе, анда сүйгөн аялына барсын. Эгер үй-бүлөнү сактап калам десе, анда эмне болуп жаткандыгын түшүнүү үчүн экөөңөр тең психолог менен жолугушкула. Балким, ичиңердеги сырды бири-бириңерге ачык айта албайсыңар, тартынасыңар, же түшүндүрө албайсыңар. Бул учурда психолог жардамга келет.

Мамилелеңерди жана үй-бүлөңөрдү сактап калууга кичинекей мүмкүнчүлүк болсо, анда аны жасоо керек. Кантсе да, ар бир адамда ар кандай кризистер, түшүнбөстүктөр, таарынычтар ж.б. болуп турат. Азыр мамилелеңердеги кыйынчылыктарды кантип жеңүүнү үйрөнсөңөр, анда келечекте оңой болуп калат.

Үй-бүлөлүк дипломатияны үйрөнгүлө, мисалы, чыр-чатактарды жөнгө салуунун негиздерин билүү зарыл. 

Сизге психологго кайрылыңыз деп кеңеш берем! Жагдайыңыз менен толук таанышып чыгуу үчүн бир катар суроолорго жооп алуу керек.

Бактылуу болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт