// //

Келин алгандан кийин уялбай бийлеп калган кемпиримди көрүп көзүмө жаш алдым

2022.01.28, 12:59
10687

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

"Мени карыганда акылынан адаштыптыр деп ойлошот." Аялым бөлмөбүздө жай музыкага кылыктанып бийлеп басып жүрдү. Эмне үчүн тойлордо кол чаап эле тура берерин сурасам, ар дайым ушинтип жооп берет. Сонун бийлет. Музыканы туура угуп, ага жараша кыймылдайт. Бирок, эл көзүнчө бийлебей тура берет. Аны көрүп ачууланам. Тигинтип айтса ого бетер ачууланам. "Эл эмне дейт" дегенден тажадым.

Убагында бий тобу бар болчу. Конкурстан көруп калып таанышкам. Жаш кезинен бери укмуш бийлейт. Укмуш кыймылдайт. Турмушка чыккандан кийин үй-бүлөсү үчүн ал талантын унутту. Албетте, мен каршы болуп жүрдүм. Бийлей беришин, жадакалса бий мугалими болушун сурандым. Кайын журттан уяларын айтып, такыр болбой койду. Аябай капа болдум. Мен анын дал ошол талантына арбалгам. Кийин көр турмуш өзүнө тартып кетти.

Баары бир бий аялымды тынч койбоду. Кыймылдарынан чыгып жатты. Эч ким жокто бөлмөнү кулпулап бийлеп алат. Маанайы көтөрүлүп чыгат. Бийлей берчи деп аябай сурансам дагы болбойт. "Улгайып калдым, эми кайдан" деп оор үшкүрөт. 

Келин алдык. Келинибиз маңдайы жарык кыз экен. Кыздуу болгондой эле сүйүндүк. Башыбызга баш кошулуп, үй-бүлөбүз чоңое түштү. Ачык кыз. Эмне ойлосо ошону айтат. Мага жакты.

"Апа, сонун бийлейт турбайсызбы. Ай, эмне бийлебей жүрөсүз?" Тамак ичип отурсак ушинтти. Кемпирим какап кетти. "Улгайганда бийлеп эмне кылам, жаштыгым өттү, эл мени акылынан адашкан деп ойлойт кызым." Келиним мындай сөздөрүн уккусу келбегенин айтты. "Стоп апа, эл эмне десе ошо десин, акылы барлар жөн гана бактылуу деп ойлот. Калгандары жаман ойлот. Тааныбаган элди ойлоп эмне кыласыз. Азыр жашаш керек апа, жыргап жашаш керек. Менин курбумдун бий курсу бар. Эртең ошого барып жазылабыз. Экзаменди жакшы тапшырсаңыз, мугалим кылып алып калат. Болду бийлейсиз." Өктөм сүйлөп туруп кетти. Уулум экөөбүз жымыңдап отурдук. Кемпирим эч нерсе дей албай калды. 

Кемпирим бактылуу болуп келди. Жаңы кыймылдарды үйрөнгөңүн айтты. Курста ал курактуу аялдар бар экенин дагы айтты. Калп эле элди ойлоп жүргөнүнө өкүндү. 

Той. Тамада бий конкурсун уюштурду. Аялым "мен катышам" деп турду. Ал бийлеп жатты. Мен көзүмө жаш алдым. Келиниме рахмат. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт