// //

Караңгыда мени көрбөй сүйлөшкөн кайын атам менен кайын энемдин сөздөрү ыйлатты

2022.01.25, 16:08
39332

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Бул күнү маанайым аябай түштү. Келген коноктор мени капа кылып кетишти. Эрте эле жатып алдым. Күйөөм акырын келип жаныма сүйүктүү шоколадымды коюп койду. Аны дагы карабадым. Көзүм жумулуп турган менен жаш агып жатты.

Түндө туалетке баргым келип ойгондум. Туалет сыртта. Свети кайдан күйөрүн билбейм. Айылга кайын энем менен кайын атамдан кабар алганы же жардам бергени эле келебиз. Өзүмдүн деле бул үйгө келгениме эки ай боло элек. 

Сыртка чыксам Шарик үрдү, мени таанып кайра ордуна барып жатып алды. Ачууланып чыкканымдан коркуу сезимин жоготуп койгон окшойм, огороддун башындагы туалетке кантип жеткенимди билбейм. 

Бир маалда сарай жакка эки киши кобурашып басып келди. Сырт караңгы эч нерсе көрүнбөйт. Жакшылап уксам кайын атам менен кайын энем экен. Үнүмдү чыгарып коеюн дегиче болбой, мен жөнүндө сүйлөшүп башташты. 

- Йа кемпир, келин аябай капа болуп уктады. Тиги эжелериң туура эмес кылды.

- Ооба, эрте эле жатып алды. Балаң дагы эптеп сорото алган жок окшойт.

- Жаш неменин жасагандарын жактырбай кетишти. 

- Ай антпей эле, эжем ал айткан кызды келин кылбаганыбыз үчүн жаш неменин көңүлүн оорутту. Ошол эжемдин кыялы өттү.

- Айтсаң боло, унчукпасын. Келин байкуштун шагы сынды.

- Жана чалып уруштум. Экинчи келиниме тийбегиле дедим. Уулум жактырып алса, биз эмнеге сүйүнбөйлү. 

- Келинге эртең жакшы көргөн тамагын жасап берчи. Маанайы көтөрүлүп калсын. Мен тиги жаңы төрөлгөн козуну ага энчилеп коеюн. 

Экөө чакасына тезек толтуруп, аркы-беркини сүйлөшүп үйгө жөнөштү. Экөө уйку жокто конок үйгө от жагып алып кобурашып отура беришет. Минтип, караңгыда мени байкабай калышты окшойт.

Маанайым заматта көтөрүлдү. Үйгө учуп бардым. Көрсө кеп менде эмес турбайбы. Анан дагы кайын атам менен кайын энемдин мага жан тартканына сүйүндүм. Уктап жаткан күйөөмдү катуу кучактап өөп, алып келген шоколадын жеп алып уйкуга кеттим. Тезирээк таң атышын күттүм. Кайын энемдин тамагын жеп көрсөңөр, силер дагы күтмөксүңөр. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт