// //

Суу чечек жугузуп алган балада төмөнкү белгилер болот

2022.01.25, 15:08
7163

Суу чечек ыйлаакчаларга айланып жана андан соң карттануучу кызыл тактары бар бүдүрчөлөр сыяктуу көрүнөт. Акыркы ыйлаакчалар карттанганга чейин балаңызды бала бакчадан же мектептерден алыс кармаңыз.

Чечек жөнүндө

Суу чечек – суу чечек вирусу тарабынан пайда болуучу жугуштуу инфекциялык оору. Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө аба аркылуу жугат.

Суу чечегинин вирусу ошондой эле курчаган темирөткүнү дагы пайда кылат. Эгерде балдарда мурда суу чечек болгон болсо жана вирус кайрадан активдешсе, анда курчаган темирөткү келип чыгышы ыктымал.

Суу чечектин симптомдору

Суу чечек вирусунун симптомдору адатта байланыш болгондон кийин 10-21 күндөн кийин байкалат. Балдардын саламаттыгы начарлап, алсыроо пайда болот, дене табы жогорулайт. 2-5 күндөн кийин бүдүрчөлөр түрүндөгү исиркектер пайда болот.

Алгач исиркектер кызыл так сыяктуу пайда болуп, анча чоң эмес ыйлаакчаларга айланат, алар жарылып жана карттанып калат. Көп учурда бүдүрчөлөр бетте, баштын түктүү  бөлүгүндө пайда болуп, андан кийин денеге, колго жана буттарга өтөт. Бүдүрчөлөр ооздун, жыныс органдарынын былжыр челдеринде пайда болушу мүмкүн.

Бүдүрчөлөрдүн пайда болушу толкун сындуу – дененин бир жеринде жаңы ыйлаакчалар дагы пайда болот, ошондой эле жарылып жана карттанып калгандары да болот.

Бүдүрчөлөр балдарды тынчсыздандырган кычышуу менен коштолот. Алар ыйлаакчаларды же карттанган жерлерды тырмашы мүмкүн, бул бактериялык инфекциянын кошулуусуна түрткү болот.  

Суу чечектин симптомдору эреже катары балдарда чоңдорго караганда бир кыйла жеңилирээк болот.

Суу чечек бүдүрчөлөр чыкканга чейин эки күн калганда бардык ыйлаакчалар карттанып жана толугу менен кургап бүткөнгө чейин жугуштуу. Буга адатта бир жумага жакын убакыт кетет.

Суу чечектин оордошуулары жана тобокелчиликтери

Балдарда көп учурда кычыштырган бүдүрчөлөр пайда болот, бирок башка оордошуулар болбойт. Сейрек учурларда суу чечектин бүдүрчөлөрү бактерияларга булганган болушу мүмкүн. Бактериялар олуттуу системалуу инфекцияны пайда кылышы мүмкүн. Башка оордошуулар пневмония жана энцефалитти камтыйт.

Балаңызды чечек оорусу боюнча дарыгерге көрсөтүү керекпи?

Эгер балаңызда суу чечек оорусу бар деп тынчсызданып жатсаңыз, анда баланы дарыгерге көрсөтүү керек.

Эгер балаңыз жогорку тобокелчилик тобуна кирсе жана чечек оорусу менен оорушу мүмкүн болгон адам менен байланышта болгон болсо, анда сиз дарыгериңиз менен сүйлөшүүңүз керек.

Кош бойлуу аялдар дагы жогорку тобокелчилик тобуна кирет жана алар дарыгерге кайрылышы керек.

Суу чечекти дарылоо

Суу чечек менен ооруган балдар адатта, кычышуу жана ысытма сыяктуу белгилерди жеңилдетүү үчүн гана дарыланууга муктаж.

Эгерде сиздин балаңыз кычышууга чыдабаса анда дарыгер антигистаминдик дары-дармектерди жазып бериши мүмкүн.

Дене табы жогорулаганда дарыгердин көрсөтмөсүнө ылайык парацетамол берүү керек.

Бүдүрчөлөрдү 1%дык жашыл бриллиант спирт эритмеси жана калий перманганатынын 1-2%дык эритмеси менен тазалап чыкса болот. Былжыр челдердеги бүдүрчөлөрдү анил боёгучтарынын суу эритмелери менен тазалашат.

Балаңызга жардам берип жана анын тырмактарын кыска кылып алып койгонуңуз жакшы. Себеби ал жараны тырмап алса инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу азыраак болот. 

Дарыгериңиз тери инфекцияларында жана пневмонияда антибиотиктерди дайындашы мүмкүн. Кээде баланы ооруканага жаткыруу талап кылынышы мүмкүн.

Акыркы ыйлаакча карттанып калганга чейин балаңыз бала бакчага же мектепке барбоого тийиш.

Балаңызга аспирин бербеңиз. Аспирин менен дарыланган балдарда сейрек кездешүүчү, бирок өтө олуттуу оору - Рей синдрому өнүгүшү мүмкүн.

Суу чечектин алдын алуу

Айрым балдар суу чечекти жуктуруп алуунун жогорку тобокелчилигине кабылышат. Вирус аларга абдан олуттуу түрдө жугушу мүмкүн. Бул балдардын тобу иммунитети төмөн болгон ымыркайларды, онкологиялык оорулары бар балдарды жана кортикостероиддердин жогорку дозалары сыяктуу иммунодепрессанттарды кабыл алып жаткан балдарды камтыйт. Бул балдарды суу чечек менен ооруган адамдардан алыс кармоо керек.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт