Жыныс мүчөм кичинекей. Канча жашка чейин өсөт?
Саламатсызбы! 22 жаштамын. Менин жыныс мүчөм кичинекей. Үйлөнгөндө көйгөй болбойбу деп корком. Канча жашка чейин өсөт?
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! Жыныс мүчөнүн өсүүсү көп нерселерге байланыштуу болот. Эң маанилүүсү гормондордон көз каранды. Себебин так билүү үчүн сиз урологго келип көрүнүңүз. Сизди көрбөй туруп эч нерсе айта албайбыз. Башка органдарыңызды дагы текшерип, анализ тапшырууңуз зарыл. Андан кийин жыйынтыгына жараша кеңеш берилет. Аябай эле кичинекей болсо, операция менен чоңойтсо болот. Бирок, так жоопту сизди көргөндөн кийин гана айта алабыз.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.