Жеңеме мамлекеттин бала бакчасында иштегени үчүн жөлөкпул берилбейби?
Саламатсызбы! Менин суроом жөлөкпул жөнүндө. Бир тууган байкедин өтүп кеткенине бир жылдаашып баратат. Артында эки баласы калды, уулусу үч жарым, кичүүсү 2 жашта. Жеңем бала бакчага ишке кирип алган. Айлыгы 6 миң сои. Эки баласы тең бала бакчага барышат. Жөлөкпулга тапшырайын десе "мамлекеттин бала бакчасында иштейт экенсиң бербейбиз" деп айтыптыр. Башка ар ай сайын түшүп турган каражат булагы жок. Бир гана 6000 сом менен жашайт. Бала бакчага, ичип-жегени, кийимдери бар. Жеңемдин ата-энеси дагы өтүп кетишкен. Азыркы убакта инисинин үйүндө жашайт. Иниси, байкеси Россияда экен деп документтии кабыл албаптыр. Ушул туурабы? Интернеттен окусам ата-энесинин бирөөсү кетсе дагы берилет деп жүрөт. Түшүндүрүп бересизби.
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет. Бирок аны алуу үй-бүлөнүн жалпы киршесин үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлгөндө, ар бир мүчөгө тийген сумма 1000 сомдон ашпашы керек. Жеңеңиз 6000 сом алат экен, аны үч кишиге бөлгөндө, ар бирөөнө 2000 сомдон чыгып калып жатат.
Бирок, жеңеңиз социалдык жөлөкпул алуу үчүн документ тапшырса болот. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, ата-энесинин бирөөсү же экөө тең каза болгон учурларда, үй-бүлөнүн кирешесин эске албастан туруп багуучусунан ажырагандыгы боюнча социалдык жөлөкпулдар чектелет. Бала 18ге толгонго чейин, же болбосо жогорку окуу жайларда окуса 23кө чыкканча мамлекет тарабанын колдоо максатында, бир багуучусунан ажыраса 1000 сом, эки багуучусунан тең ажыраса 2000 сом өлчөмүндөгү жөлөкпул дайындалат.
Багуучусу убагында иштеп, социалдык төлөмдөрдү төлөп жүргөн болсо, ал каза болгондон кийин балдары социалдык фонд тарабынан пенсия алат. Эгерде багуучусу эч жерде иштебесе, ал каза болгондон кийин балдарына Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тарабынан жөлөкпул берилет.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 557 700 845 WhatsApp номерине жазыңыз.