// //

Атам сүзгөн машинанын ээси чоң акча сурап жатат. Эмне кылсак болот?

2022.01.25, 10:03
2287

Саламатсызбы! Сураныч, бизге юристтен кеңеш керек. Атам күйөө баласынын машинасы менен бир аз авария болду. Эч ким жабыркаган жок. Урган машинада жаш орус жигит экен. 2003-жылкы өтө эски машина экен. Оңдоп берели десек болбой жатат. Башка алып беришибизди же акчасын төлөшүбүздү сурап жатат.  Атам өзү пенсия менен жашайт, 2-группадагы майыптыгы бар. Сотко күйөө баласы "өзүм оңдотом, өзүмдүн машинамды" деди. Тиги баланыкын кандай кылып төлөсөк болот? Акча жыйнадык, бирок жетбей жатат айткан суммасына. Атамда  6000 пенсиясынан ашыкча киреше жок. Сотко берсе эмне болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.01.2022, 10:04

Нурислам Раимжанов 

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман!  Бул жерде келтирилген чыгымдын суммасын адистер тарабынан аныктоо керек. Ал инсан жаңы автоунаа же ошол автоунаанын суммасын бересиң деп айтышы мүмкүн, бирок силер мындай жагдайга макул болбосоңор анда анайын адистер эсептеп беришет. Сот тарабынан адистерге токтом чыгарып кайрылуу керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт