// //

Күрөң түстөгү суюктуктун коркунучу жокпу? Гинеколог жооп берет

2022.01.24, 12:55
10134

Саламатсызбы! Сизден сурайын дегеним акыркы этек кирим 2021-жылдын 2-ноябрында келип алтысы бүткөн. Эми январда күрөң түстөгү суюктук аз-аздан келип жатат. Бирок эч жерим ооруган жок. Коркунучу жокпу? Өтүнөм жооп берип койгулачы.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.01.2022, 12:57

Айпери Соурбекова 

гинеколог-эндокринолог 

Саламатсызбы! Суроого толук жооп алуу үчүн суроону туура жазыш керек эле. Сизге жооп берүү үчүн жашыңыз, үй-бүлөлүк абалыңыз, кош бойлуулукка тест жасадыңызбы жокпу билишим керек эле.

Эгер тест салып, кош бойлуулук бар болсо ноябрь айынан бери УЗИге барып, жатындын ичинде бала барбы жокпу билиш керек. Жатындан тышкары бойго бүтүп калышы мүмкүн. 

Эгер кош бойлуулук жок болсо этек кирдин бузулуусу болуп эсептелет. Дарыгерге кайрыласыз, УЗИге түшөсүз. Кош бойлуулук жок болсо жатын миомасы, полип, гиперплазия, аденомиоз ооруларында ушундай белгилер болот.

Ден соолукта болуңуз! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт