// //

Эмнеге жыныс эриндери чоңоюп кетет? Гинекологдор айтып берет

2022.01.24, 11:46
9561

Төрөттөн, вульвиттен же гормоналдык бузулуудан улам кичине жыныс эриндери чоңоюп кетет. Эстетикалык жактан начар көрүнүп, жыныстык катнашка барганда ыңгайсыздык жаратат. Bilesinbi.kg бир нече гинекологдор менен байланышып, мунун себебин билип көрдү. 

Кичине жыныс эриндеринин гипертрофиясы – бул кичине жыныс эриндеринин чоңоюп же узарып, чоң жыныс эриндеринин чегинен ашып, сыртка чыгып калышы.

Нормада кичине жыныс эриндери чоң жыныс эриндери менен толук жабылып турушу керек. Бирок, сыртка чыгып калган кичине жыныс эриндеринин баарын эле гипертрофия деп айта берген болбойт. Эгерде кичине жыныс эриндеринин көлөмү 5 смден (орточо эсеп) чоң болсо гипертрофия деген диагноз коюлат,.

Кичине жыныс эриндери чоңоюп кетиши мүмкүн:

  • төрөттөн кийин;
  • курч жана өнөкөт вульвит, лимфодермиттен;
  • горманалдык бузулуудан;
  • сезгенүүдөн;
  • жаракат алуудан ж.б.

Ошондой эле, кичине жыныс эриндеринин гипертрофиясы тубаса же кийин пайда болот. Салмагы аз, ара төрөлгөн айымдарда көп кездешет. Алгачкы белгилери балагатка жетилгенде, жыныстык жашоо башталганда байкалат.

Кичине жыныс эриндеринин гипертрофиясы оору эмес, аялдын ден соолугуна эч кандай коркунуч туудурбайт. Айрым учурларда гана жашоосун оорлотушу мүмкүн.

Мисалы:

  • жыныстык катнашка барганда оорутат;
  • эстетикалык жактан начар көрүнөт;
  • спорттун айрым түрлөрү менен машыга албайт;
  • басканда ыңгайсыздык жаратат;
  • Чапташкан ич кийим кие албайт ж.б.

Диагнозду гинеколог гана коет. Тилекке каршы, жыныс эриндерин өлчөмүн кичирейтүүнүн бир гана жолу бар –  бейтаптын каалоосу менен гана ишке ашкан хирургиялык коррекция.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт