Кайын энемдин пенсиясына шылтап жөлөкпул бербей жатат. Эмне кылам?
Саламатсызбы! Бизде Кыргызстанда жөлөкпул барбы же жоюлганбы? 5 балам менен кантип алам? Кайын энемдин пенсиясына шылтап бербей жатат. Кайын энем деле биз менен жашабайт. Шаарда жашайт.
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.
“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө айлык акы, ишкердик кылуудан, мал жандыктарынан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.
Ал эми чогуу жашаган улгайган адамдардын пенсиялары киреше катары эске алынбайт. Демек, сизге бербей жатышканы туура эмес.
Бул боюнча кайсы жерде жашасаңыз, ошол жакта жайгашкан каалаган райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылыңыз.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.