// //

Бөбөк аябай алсырап, чыргоолонсо анда бул оору менен жабыркайт

2022.01.24, 10:15
1529

Аз кандуулук көбүнчө темирдин жетишсиздигинен болот. Кенже курактагы балдарда дээрлик көп кездешет. Интенсивдүү алмашуу процесстери ал гана эмес маалына жетип төрөлгөн балдарда 5-6 айында жана ара төрөлгөн балада 3-4 айында темир запастарынын азайышына алып келет.

Эгерде балаңыздын өңү өтө кубарып, чыргоолонуп жана абдан алсырагандай көрүнсө, дарыгерге кайрылыңыз. Темир жетишсиздигинен улам пайда болгон аз кандуулукту дарылоого адатта балаңыздын рационуна темирге бай азыктарды кошуу жана темирдин деңгээлин нормага келтирүү үчүн темир препараттарын берүү кирет.

Аз кандуулук деген эмне?

Анемия - бул нормалдуу курактык маанилерге салыштыруу боюнча кандын көлөмүндөгү эритроциттердин (кызыл кан денечелери)  жана гемоглобиндин  деңгээлинин төмөндөшү.

Аз кандуулуктун көптөгөн себептери бар.

Темир жетишсиздигинен келип чыккан аз кандуулук

Анемия көбүнчө сиздин организмиңизге гемоглобин иштеп чыгуу үчүн керек болгон темирдин жетишсиздигинен улам келип чыгат. Аз кандуулуктун бул түрү темир жетишсиздик анемиясы катары белгилүү.

Балаңыздын рационундагы темирдин жетишсиздиги
Эгерде балаңыз өзүнүн рационунан темирдин жетиштүү өлчөмүн албаса, анда темир жетишсиздик аз кандуулугу өнүгүшү мүмкүн.

Ымыркайларда, эгерде балаңыз эне сүтү менен гана багылып жатканда алты айынан кийин кошумча тамак жебесе аз кандуулук келип чыгышы ыктымал. Болжол менен ушул курагында балаңыз эненин ичинде жатканда топтолгон темирдин запасынын баарын сарптап бүтөт. Эне сүтүндөгү темирдин курагы айына жетип төрөлгөн баланын 6 айлык курагынан кийин жана ара төрөлгөн баланын 3-4 айында өсүп жаткан тамак-ашка болгон керектөөсүн канааттандыруу үчүн жетишсиз.

Чоңураак балдар темир жетишсиздик аз кандуулугуна чалдыгышы мүмкүн, эгерде бала:

  • уйдун сүтүн өтө көп ичсе же чай ичсе - бул суусундуктар тамактагы темирдин сиңирилишин төмөндөтөт;
  • темирге бай азыктарды жетиштүү өлчөмдө жебейт
  • ал тамак-аштагы темирди абдан жакшы сиңирүүгө жолтоо болуучу глютень оорусу сыяктуу ооруга чалдыкса.

Темир жетишсиздик аз кандуулугунун башка себептери

Темир жетишсиздик аз кандуулугу төмөндөгүдөй ымыркайлар үчүн өзгөчө олуттуу көйгөй болушу мүмкүн:

  • ара төрөлгөндөр
  • ымыркай кезинде абдан оорулуу болгондор
  • энелери кош бойлуулуктун кеч мезгилдеринде темир жетишсиздигинен жапа чеккендер.

Темир жетишсиздиги кан жоготуудан дагы болушу мүмкүн. Балдар ичегидеги оорулардан улам заңы менен бирге, ошондой эле мурду канаганда дагы кан жоготушу мүмкүн. Өспүрүм кыздарда темир жетишсиздиги кыйла көп байкалат, бул айыз циклинин калыптануусуна жана ай сайын кан жоготууга байланыштуу болот.

Башка себептерден улам пайда болгон аз кандуулук

Бала өзүнүн рациону аркылуу В12 витаминин же фолий кычкылын жетиштүү өлчөмдө албаса, анда ал аз кандуулук менен ооруп калышы мүмкүн.

Аз кандуулуктун дагы бир себеби - гемолиз. Бул организм өтө көп кызыл кан денечелерин жок кылганда пайда болот. Бул кырдаал орок сымал клеткалуу аз кандуулук сыяктуу генетика ооруларына байланыштуу болушу мүмкүн.

Аз кандуулуктун симптомдору

Эгер балаңызда аз кандуулук болсо, ал аябай кубарып көрүнүшү мүмкүн. Бөбөк аябай алсырашы, чыргоолонушу мүмкүн жана аны башкаруу кыйын болуп калат. Чоңураак балдар аябай чарчаңкы тартып, тамакка болгон табити начарлап жана бала бакчада көңүл борборун бир жерге топтоо кыйынга турушу мүмкүн.

Аз кандуулуктун симптомдору боюнча дарыгерге качан кайрылуу керек?

Эгерде балаңызда төмөндөгү белгилер болсо дарыгерге алып барыңыз:

  • өтө кубарып көрүнөт
  • кыжырланып турат
  • көп энергиясы жок
  • тез-тезден башы ооруп жатканына даттанат
  • жетиштүү салмак кошпойт

Аз кандуулукка жасалуучу анализдер

Эгер дарыгер балаңызда аз кандуулук болушу мүмкүн деп эсептесе, анда ал адатта кандагы гемоглобиндин деңгээлин аныктоо үчүн кан анализдерин дайындайт. 

Ар бир курак үчүн гемоглобиндин нормалдуу деңгээли менен маалымдама таблицалар бар. Кээде аз кандуулуктун себептерин аныктоо үчүн башка анализдер көрсөтүлөт.

Аз кандуулукту дарылоо

Аз кандуулукту дарылоо себебине жараша болот.

Эгер балаңызда темир жетишсиздик анемиясы болсо, анын рационуна темирге бай азыктарды кошуу анын темир деңгээлин көтөрүүгө жардам берет. Темирге бай азыктарга төмөнкүлөр кирет:

  • бүтүн дандар жана темирге байытылган дан өсүмдүктөрү
  • буурчак өсүмдүктөрү - мисалы, жасмык жана төө буурчак
  • эт - мисалы, кызыл эт, тоок жана балык
  • жумуртканын сарысы
  • кочкул жашыл жалбырактуу жашылчалар - мисалы, шпинат
  • майдаланган күнжүт уруктары - мисалы, халва.
  • Аскорбин кычкылына бай азыктар (жашылча, жемиштер же шире)

Балаңыздын диетасын өзгөртүү гана жетишсиз болушу мүмкүн. Балким ага ошондой эле темир деңгээлин нормалдаштыруу үчүн темир препараттарын (таблетка же сироп) ичүү талап кылынышы мүмкүн. Темир препараттары балаңыздын заңын кара же боз кылышы, ошондой эле ич катууга же ашказандын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Ушул жана башка терс таасирлери жөнүндө дарыгериңиз менен сүйлөшүү сунушталат.

Эгер аз кандуулук темир жетишсиздигинен башка бир нерседен улам келип чыкса, анда балаңызга кошумча анализдер жана дарылоо керек болот. 

Аз кандуулуктун алдын алуу

Балаңыздын алты айлык курагында рационуна кошумча  катуу тамактарды киргизип жатканда, ага темирге бай көптөгөн азыктарды кошкон жакшы.

Аз кандуулуктун алдын алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгер темир препараттарын кошумча ичүүнү сунуштай алат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт