// //

Төрөтканадан кызымды кучактап чыксам күйөөм эмес, кайын атам тосуп алды

2022.01.21, 14:33
24658

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Бирөө өз башынан өткөн окуяны айтып берсе, жомок деп ишенбейбиз. Ананчы, жашоодо андай болуу мүмкүн эмес деп ойлойбуз. Бирок, кайын атамдай кишилер бар. Ооба, аз, бирок бар. Ишенип койгула.

Кайын атам ден соолугуна байланыштуу өзү балалуу боло албаптыр. Менин күйөөм экинчи аялынын баласы экен. Кайын энем каза болуп калганда, кайын атам анын мурунку күйөөсүнөн калган төрт баласын өзү багып чоңойтот. Бечера абышкага бала буйрубаптыр. 

Төрт баласы тең ырайымсыз болуп чыгат. Үч кызы турмушка чыгып, ошону менен чоңойткон атасын унутушат. Кичүү баласы кайын атамдын колунда калат. Мен ага турмушка чыктым.

Мага сүйүүсүн арнап жүргөн жигит турмуш кургандан кийин өзгөрдү. Ичип келип, көп жолу ызы-чуу салып жүрдү. Кайын атам болбосо, эбак мага кол көтөрмөк. Кетем деп чечкенде боюмда бар экенин билдим. Күйөөм эмес, кайын атам сүйүндү.

"Сен кетсең ким менен кобурашам" деп көзү жашылданып калчу. 

Талгак болуп, аябай шоколад жегим келди. Күйөөмө айтсам бакырып, калп эле эркелеп жатканымды айтып ызы-чуу салды. Ыйлап отурсам, кайын атам катып койгон пенсиясына шоколад көтөрүп келиптир. Ошондо ыраазы болгонумду айтпагыла. 

Ичимдеги бала кыз экенин билгенде күйөөм сол жактарга басып, уул каалаганын айтып, таптакыр өзгөрүп кетти. Кайын атам "кой балам антпе" десе аны тоготуп дагы койбойт. 

Кайын атам тосуп алды. Кызын көргөнү келип да койбоду. Дароо үйүмө кетип калайын дегем, бирок кайын атама небересин көрсөтүп койгум келди. Бечара кайын атам, өзү билбесе дагы балага деп толтура кийим алыптыр. Аларды сумкама салып, кайын атам менен коштошуп, кызыма ат койдуруп, анан өз үйүмө жөнөп кеттим.

Билесиңерби, күйөөм менен ажырашып жатканыма эмес, кайын атамды таштап баратканыма ыйладым. 

Күйөөм чалып да койбоду, келип да койбоду. Мага баары бир болчу. 

Кызым торолуп калганда кайын атама көрсөткөнү айылга жөнөдүм. Мени келет деп күтпөгөн неме аябай сүйүндү. Ыйлап, бекиткен конфеттерин алып чыкты. Ошондо күйөөм автокырсыктан каза болгонун билдим. Небересин кучактап, "атыңды мен койгом Мончогум" деп ыйлап жатты. 

Кызым дем алыш күндөрү чоң атасына баралычы дей берет. Кайын атам күн сайын жолдун башынан күтүп турат. Экөө бири-бирин аябай жакшы көрөт. Чоң атасынын жанында кызым мени унутуп деле коет.

Бир жолу айылга барсак кайын атам тосуп алган жок. Тообуз кулады. Кеңеш айтып, колдоп турган адамыбызды жоготтук. Анын жүрөгү токтоду, менин жашоом токтоду. 

Кызым тамак ичпей арыктап кетти. Ага кошулуп менин табитим жок. Жашоо уланып жатат. Бирок, бир жакшы адамсыз. 

Баса, кайын атам кызым чоң атасына тарткан сүрөттү катуу кучактаган боюнча терең уйкуга кете бериптир. 

Мен сизге ыраазымын, кайын ата.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт