// //

Кайын атам кайын энемдин боюнда бар экенин билген күндү эстеп күлөбүз

2022.01.20, 17:51
15693

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Бул катты силерге жазып жатып өзүмдүн да боорум эзилгиче күлүп алдым. 

Турмушка чыкканда эле “качан төрөйсүң” деп башташат эмеспи. Кичине башым ооруса, жүрөгүм айланса же тамак жегим келсе эле “боюңда болуп калган го” дешет. Кайын энем, атам, эжем, иним, жолдошум баары эле мени аңдып тургансыйт. 

Бирок биз күткөн күн келбей койду. Ай сайын тесттен эки сызыктын чыгышын күтөбүз. Кайын энем болсо боюнда бар келиндерге жүгүнтөт, бир нерселерди алып келип ырымдайт. Сыртыман билдербей күлгөнүм менен ичимден кыжалат болуп жүрдүм. 

Албетте дарыгерлерге көрүндүк. Алардан “баары жакшы, болгону күтүш керек, баш кошконуңарга 8 эле ай болуптур, 5-10 жылдап балалуу боло албай жүргөндөр бар” деген жооп угабыз. Туура, баш кошконубузга 8 ай болду. Таежем деле беш жылдан кийин балалуу болбоду беле. 

Акыры үмүттөрүн үзүштүбү билбейм мени аңдыбай калышты. “Ичиңде барбы”, “качан жаңылык айтасың”, “аракет кылып жатасыңарбы ха-ха”, “качан төрөйсүң”  деген сөздөрдү укпай калдым. Жолдошум дагы ай сайын сурабайт. Кыжалат болгонум эки эсе көбөйдү. Ичимден кудайдан тиленип, башкаларга билгизбей витаминдерди ичип жүрдүм. 

Бул үй-бүлөнүн жакшы салты бар. Кайын атам кайын энеме себепсиз гүл же майда белектерди алып келип берип турат. Жолдошум атаман кем калбайт. Ишенесиңерби жокпу билбейм бирок, кээде эркектер бизге тамак жасап беришет. Дасторкондун үстүн жыйнап, идиштерин кошо жууп койгондо таңгалгам. 

Февраль айынын башында этек кирим 2 күнгө кечикти. Төртүнчү күн дегенде колдорум титиреп, жүрөгүм докулдап колумдагы тесттеги эки сызыкты карап турдум. Аблан сүйүндүм, көзүмө жаш келе түштү. Кубанычымды кыйкырып баарына бөлүшкүм келди. Бирок демимди ичке катып 14-февралга сюрприз кылайын деп чечтим. 

Дүкөнгө барып ымыркайларга ылайыктуу аппак байпак, топу алдым. Дарыканага кирип упчу алдым. Анан кош бойлуулукту аныктоочу тестти кошуп кичинекей картон кутучага салдым. Жолдошум таап албасын деп кире бериштеги шкафтын үстүнкү полкасына коюп койдум. 

Үй жумуштары менен алышып жүрө берип сюрпризим эсимен чыгып кетиптир. Жолдошум жумуштан келерге аз калганда шаша-буша бөлмөгө алып кирип коюп койдум. 

Кеч кирди. Баары жумуштан келишти. Жолдошум бөлмөгө кирип кетти. Качан келип куттуктайт деп күтүп олтурсам чыкпайт. Тамакка олтурдук. Жолдошум унчукпайт. Атам болсо апамды карап алып эле жылмаят. Улам эле бизден көзүн алып качып уялат. 

Бөлмөбүзгө кирсек: 

- Рахмат жаным. Ырас мага жаңы байпак анан устакан мүлжүгөнгө маки жетпей жаткан, деп күлөт.

- Кандайча, каяктагы байпак, маки?

- Иий анан эмне эле? Бул болсо менин сага белегим. 

- Өлдүм. Белектерибиз алмашып кеткен окшойт. 

- Кандайча? 

Көрсө мен шашкандан апам атама жасаган белекти алып кирип кетипмин. Апам болсо меникин. Кайын атам жашым өткөндө балалуу болот экенмин деп аябай сүйүнсө, апам “ай кокуй бул келиндики, алмашкан турбайбы” деп колунан жулуп алыптыр. Азыр “алмаштырып алган жокпузбу” деп күлүп калабыз.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт