// //

Мастурбация кылганда кыздык алынып калынышы мүмкүнбү?

2022.01.20, 15:55
12793

Саламатсызбы! Кол менен мастурбация кылганда, кол вагинанын ичине кирсе кыздык алынып калынышы мүмкүнбү? Менде эч кандай кан болгон жок? Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.01.2022, 16:00

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Мунун баары жыныс кынына канча манжа агрессивдүү же жылмакай киргизилгенинен, ткандардын жакшы созулганынан, кыздык челдин формасынан жана созулушунан көз каранды. Акыркы убактарда жыныстык катнаш дагы кыздыктын бүтүндүгүн буза албаган учурлар кездешүүдө. Эгер буза алса дагы кан чыкпайт. Андыктан, бул жерде баары индивидуалдуу. Кабатыр болуп жатсаңыз, гинекологго бир текшерилип коюңуз. 

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт