Кайнатам аялдын оокатына кийлигишет. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин катымды чыгарып бериңизчи. Үй-бүлөнүн жалгыз уулуна турмушка чыкканмын. Каарып калган кайната, кайнене менен чогу турабыз. Менде бир гана көйгөй бар, ал кайнатам. Аял кишидей болуп баарына кийлигишет, ичкилик ичет. Кайненеме мени кошуп кууратып жиберет. Акыркы күндөрү чыдабай айтчумду айтып жиберип жатам. Үйүбүз 3 комнаталуу. Кандай кыймыл кылсам баары көрүнүп турат. Канткенде мен жакшы келин боло алам? Мүнөзүм да жаман болуп баратат. Жолдошум менен кайненем мени колдоп турушат. Эч нерсе кылгым келбейт. Үй да жыйнагым келбейт, өзүмдү да карабай калдым. Канткенде мен өзүмдү оңдой алам? Мага кеңеш, мотивация керек. Бир кыздын энеси болдум. Учурда 3 айлык боюмда бар.
Айдана Мадишова
Психолог
Саламатсызбы" Катыңызды эки бөлүккө бөлүп кароо керек.
Биринчиси кайнатаңыздын жүрүм-туруму жана мунун сиз үчүн көйгөй жаратышы. Ал эми экинчиси сиздин жашоого болгон мотивацияңыз жана өзүңүзгө болгон мамилеңиз. Мен катыңыздын экинчи бөлүгүнөн баштоону туура көрдүм.
Катыңызда « Канткенде жакшы келин боло алам, мүнөзүм жаман, эч нерсе кылгым келбейт, өзүмдү да карабай калдым, канткенде өзүмдү оңдой алам?» деген суроо бериптирсиз. Жакшы келин эмес, бактылуу келин болууга аракет кылыңыз. Сизди түйшөлткөн маселелерди жолдошуңузга айтып, биргеликте чечүүгө аракет кылыңыз. Эгер эс алууга муктаж болсоңуз үй-бүлөңүздөн алыстап, жаратылышта эс алууга аракет кылыңыз. Бул сизди көйгөйлөрдөн арылтып, мотивацияңызды бекемдейт. Башкалардан көбүрөөк өзүңүзгө көңүл буруп, маанайыңызды көтөргөн жумуш менен алектениңиз.
Ал эми кайнатаңыздын жүрүм-турумуна келсек, аны өзгөртүү өтө оор. Себеби, карыган учурда адам бир нерсе менен алектенүүгө, башкалардын көзүнчө баалуу болууга муктаж болот. Балким кайнатаңыз да сиздин көңүлүңүздү буруу үчүн аралашып жатса керек. Мындай учурда кайнатаңыздын кийлигишүүсүнө каршы чыкпай, тескерисинче үй иштеринде андан жардам, кеңеш сурап коюңуз. Бирок кайнатаңыздын жеке жашооңузга кийлигишүүсүнө жол бербеңиз. Үй-бүлө иштери менен жеке жашооңузду ажырата билиңиз.
Ийгилик каалайм!
Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.