Жолдошумда үч жумуртка пайда болуп калды. Эмне кылсак болот?
Жолдошумдун оң жак жумурткасында бир чоң анан бир кичинекей жумуртка пайда болуп калды. Дарыгерге көрүн десем макул болбой жатат. Анан кокустан бир нерсе тийип кетсе оорутат.
Бактияр Усенбаев
Уролог
Саламатсызбы! Жолошуңуздун дарыгерге барууга макул болбой жатканы өкүнүчтүү. Үйдө жата берсе оорусу күчөп кетиши толук ыктымал. Бул “киста придатка яичка” болушу мүмкүн. Аны так билиш үчүн УЗИге тартыш керек.
Бул кистанын пайда болуу себеби туубаса, жаракат алуу же болбосо сезгенүүдөн улам болушу мүмкүн. Алдын албаса тукумсуздукка чейин жеткирет. УЗИ өтүп так диагноз коюлгандан кийин дарылоо жолу айтылат.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Бактияр Усенбаев менен байланышуу үчүн @urolog_karakol инстаграм баракчасына кириңиз.