15теги эркек баламын. Эмне үчүн эмчегим чоңоюп кетти?
Саламатсызбы! Мен 15 жаштамын, эркек баламын. Менин эмчегим чоңоюп кетти. Эмне үчүн?
Болот Рысбаев
Уролог
Саламатсызбы! Ата-энеңизге же жакындарыңызга айтып урологго кайрылыңыз. Уролог сиздин жыныстык өнүгүүңүз жаш курагыңызга ылайыктуубу же жокпу тастыктоо үчүн толук текшерип чыгат. Себеби сиз айтып жаткан белги "гипогонадизм" болушу мүмкүн. Анын эркек балдарда пайда болушу мүмкүн болгон белгилери:
- эмчектери өсөт
- белдеринде май топтолот
- үнү ичкерет
- жыныс мүчөсү өспөйт, узундугу кичинекей болот
- эректилдик дисфункцияга чалдыгат
- жыныстык каалоо төмөн же такыр эле жок болот
- тукумсуздукка чалдыгат ж.б.
Эгер "гипогонадизм" бар деп шектенсе, анда алгач жыныс гормонунун деңгээлин текшерет. Бул учурда кан анализи талап кылат. Тестостерондун деңгээлин текшерүү керек болот. Диагнозду тастыктоо жана анын негизги себептерин жокко чыгаруу үчүн кошумча кан анализдерин тапшыртышы мүмкүн. Жыйынтыгына жараша дарылоо курсун жазып берилет, ар бирөөнө индивидуалдуу.