// //

Аялым алиментке тапшырып, баламды Росссияга алып кетип калыптыр. Эмне кылам?

2022.01.19, 09:54
5623

Саламатсызбы! Аялым экөөбүздүн ортобузда бир бала бар. Бирок нике кагазды алган эмеспиз. Азыр мени алимент төлөөгө сотко бериптир. Бирок өзү баламды алып Россияга кетип калыптыр. Менин кандай укуктарым бар.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.01.2022, 10:00

Нурислам Раимжанов 

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Ортодо ЗАГС жок болгон күндө дагы, балаңарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алгансыңар. Ал күбөлүктүн атасы деген графасында сиздин аты-жөнүңүз жазылган болсо, аялыңыз алимент тапшырууга укугу бар. Атыңыз жазылбаса дагы, аталыкты аныктатуу жана алимент өндүрүү боюнча сотко арыз жаза алат.

Бүгүнкү күндө сизде алимент боюнча сотко катышууга, аны төлөөгө каршы болсоңуз аны көрсөтүүгө, балаңызды көрүүгө укугуңуз бар. Балаңыз Россияга кеткен күндө дагы анын тарбиясына катыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт