Кызымды оорудан кийинки депрессиядан кантип чыгарам? Адистер кеңеш берет
Саламатсызбы! Менин кызым 23 жашта. Пневмония менен ооруган. Алты ай дарыланды, күнүгө төрт чоң таблетка ишчү. Аябай депрессияга түшүп кетти. Эч ким менен сүйлөшпөй, аябай арыктап алсыз болуп жатат. Пневмониядан айыкканына эки жыл болду. Өзүн жакшы сезет, алсырап, арыктап кеткени эле болбосо. Витаминдерди ичет, бирок ага карабай чачы дагы түшүп жатат. Сураныч кеңеш бересиздерби. Кызымды бул депрессиядан кантип чыгарсам болот? Жүрөгү, көзү, боору, бөйрөгү, сөөктөрү дагы ооруйт. Кеңеш күтөм.
Кыралиева Айпери
Кардиолог, терапевт
Саламатсызбы! Менимче сурооңуздан бир нерсени жашырып жаткандайсыз. Чындап эле дарыгерлер “пневмония” деп диагноз койду беле же башка оорубу? Анткени пневмония болгон адам алты ай дарыланбайт.
Кызыңызда айтылган белгилер башка оорунун белгиси болуп жатат. Чачынын түшүшү, бөйрөгүнүн, боорунун оорушу ичкен дарылардан улам болушу мүмкүн. Жүрөгү кандай болуп ооруйт, качантан бери ооруйт, дарыгерге көрүндү беле, дарыланды беле? Эгер дарыгерге алып барбасаңыз, алып барууну сунуштайм.
Депрессиядан чыгуу үчүн невропатологго, психологго алып барышыңыз керек. Башкалар менен аралашууга, бир нерсеге кызыктырууга аракет жасашыңыз керек. Бул жерде кызыңыздын өзүнүн аракети дагы чоң роль ойнойт.
Айдана Мадишова
Психолог
Саламатсызбы! Сурооңузга так жооп берүүгө тилекке каршы мүмкүн эмес.
Алгач кызыңыздын ден соолугунун начарлашына эмне себеп болгонун аныктоо керек. Бул колдонулган таблеткалардан болушу мүмкүн. Аны аныктоо учун колдонулган таблеткалардын инструкциясында жазылган “побочные эффекты” бөлүгүн окуп чыгыңыз. Андан сырткары врачтын көзөмөлүндө кызыңыздын абалын текшертип көрүңүз. Ооруунун натыйжасында организмде ар кандай өзгөрүүлөр болгон болушу ыктымал. Гомондордун иштөөсүнүн бузулушу да депрессияга алып келиши мүмкүн.
Эгер медициналык жактан эч кандай көйгөй жок болсо депрессия менен иштеген психотерапевтке кайрылыңыз. Кызыңыз узак убакыттуу терапияга муктаж болушу мүмкүн.
Сизге, кызыңызга ден-соолук каалайм!
Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.