// //

Башкаларды өзүмдөн бийик көргөн жоругумдан кантип арылам? Психолог жооп берет

2022.01.18, 14:50
1902

Саламатсызбы! Жашым 16да. Көйгөйүм жашоомду өзгөртө албай жатканымда. Бардык нерсени жакшы жасоого умтулам. Эгер көңүлүмдөгүдөй болбой калса, жакшылыктан үмүт үзүп коем. Ал кылган ишимди кайра аткаргым келбей, тез эле кол шилтеп салам. Өзүмдөгү байкалган нерселерди "жамандык", "жакшылык" деп бөлүп үйрөнүп алгам. Мисалы: Оң кашым тартылса жакшылык болот деп, көңүлүм көтөрүлүп жаман нерсени күтпөйм.  Ал эми сол кашым тартылса эч нерсе кылгым келбей көңүлүм чөгүп, башка адамга айланып калам. Эмне кылсам болот?

Абдан көп уктайм. Кичине түшүнбөстүк же кыйынчылык болду дегиче башым атылып кетчүдөй болуп ооруйт. Жолдорун изде деп туугандарым кеңеш берет. Аларга кыйкырып баары жаман болоорун, башка жол жок экенин айтам. Өзүмдү өзүм түшүнбөй барам. Бардык нерсени мыкты аткаргым келет. Адамдарга жагабы деп аларды өзүмөн бийик алып жүрөм. Бул жоруктан кантип арылсам болот? Кеңеш күтөм. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.01.2022, 14:57

Айдана Мадишова 

Психолог 

Саламатсызбы урматтуу окурман!
Сизди тынчсыздантып жаткан көйгөй "перфекционизм" деп аталат. Мунун белгилери: бардык жумушту идеалдуу жасоом керек, эгер идеалдуу жазабасам жаман баа алып калам, бул мен үчүн катастрофа. Андан сырткары жаман баа алып калбоо үчүн перфекционисттер жумушту болушунча артка сүрөшөт, бул прокрастинация деп аталат.
Мындан кантип арылуу керек?
Өзүңүзгө күндөлүк сатып алыңыз да, ар бир күнү бир ката жазап көрүңүз. Жазаган жумушуңуздун бирөөсү туура эмес болушу керек. Аны күндөлүгүңүзгө  жазып коюңуз.
Экинчиден, өзүңүздүн ишеничтериңиздин туура эмес экендигин далилдөөчү фактыларды изилдеңиз. Мисалы: бүгүн менин сол кашым тартылды, жаман окуя болот деп ишенчүмүн, эми анын туура эмес экендигин далилдеген факт издейин деген сыяктуу. Муну да күндөлүгүңүзгө жазып коюңуз. Ар бир ишенген ишеничиңизди ушул сыяктуу таразалап көрүңүз.
Андан соң, ар бир жазаган жумушуңузга "дедлайн" коюңуз жана ал жумушту убакыт аяктаганда бүтүрүңүз. Эгерде жарымы калып калса же болбосо идеалдуу болбой калса да ал жумушту бүтүрүңүз.
Акыркы кадам, чөйрөңүздөн жаман баа алып көрүңүз. Болбосо жөн гана бул жөнүндө ой жүгүртүңүз. Эгер жаман баа алып калсаңыз эмне болот? Кандай кыйынчылыктар пайда болот? Бул канчалык деңгээлде реалдуу?

Ийгилик каалайм! 

Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт