// //

Жигитим "текшертели, болбосо үйлөнбөйм" деп жатат. Эми эмне кылам?

2022.01.18, 12:27
7140

Мен бир бала менен таанышып кыз-жигит болуп сүйлөшүп жатканбыз. Мен аны сүйөм, бирок менин чоң катам мурда бир балага алданып калгам. Аны айтсам "сага үйлөнбөйм, болбосо кыздыгыңды текшертели" деп жатат. Эми эмне кылам? Жашагым да келбей калды, ансыз жашоом токтоп калды. Эч жакка чыкпай жатам. Оюма өлүмдөн башка эч нерсе келбей калды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.01.2022, 12:31

Асель Суюнбаева

Психолог

Кымбаттуум! Эч нерсе боло элек жатып эле жашооңузду көзөмөлгө алып, “текшертем” дегени сизди сыйлабай турганынан кабар берет. Тилекке каршы жашыңызды жазбапсыз. Эмнеси болсо дагы, ага турмушка чыгуунун кереги жок.

Ооба, ал жигитти сүйөм деп ойлошуңуз мүмкүн, бирок ал сезимдер жөн гана байлануу дагы болушу мүмкүн. Анткени, көп айымдар жакшы мамиле кылып, бир карап койгон жигитти “сүйөт” деп ойлоп калышат. Бул нерсе үй-бүлөсүндө ата-эне мээрими жетишсиз болгонунан кабар берет.

Мисалы, кыздар ата мээрими, жылуулугу, сүйүүсү деген нерсени билбей өстү дейли. Кийин бир жигит менен таанышып, ал жакшы сүйлөп койсо ага ишенип калышат.

Эч нерседен коркпоңуз, жашоо сиздики. Бир нерсе боло электе эле сизди текшергиси келген жигит менен жашооңузду байлап кереги жок. Эмитеден минтип жатса, өмүр бою сизди басмырлап өтөт. Эгер ага турмушка чыксаңыз, кийин миллион жолу өкүнөсүз.

Чындап сүйгөн жигит эч качан бул нерсени сурабайт, күнөөлөбөйт, иши дагы жок болот. Балким башында бир суроо болушу мүмкүн, бирок ошону менен жабылат. Андыктан, сизди сүйгөн, сыйлаган мырзага жолугарыңызга ишениңиз, башкаларды укпаңыз.

Менин сизге кеңешим, алгач өзүңүздү түшүнүңүз. Сиз эмнени каалап жатасыз? Чынында өзүңүзгө ошондой мамилени, күйөөнү каалайсызбы? “Текшерем” деген мырза менен жашооңузду байлоого даярсызбы? Бул жерде суроо өзүңүзгө болгон баа жөнүндө.

Көп адамдар бир мамилеси бүтсө, дароо экинчисин баштаганда аракет кылышат. Жашоодо пауза деген болот. Адам өзүнө, каалоолоруна, хоббисине убакыт бөлүшү керек. Адам жалгыз калгандан коркпой, жыргап жашашы керек. Жашоо кызыктуу нерсе. Ал эми жигит, айталы мамиле куруу анын бир гана бөлүгү.
Өзүңүздүн үстүңүздө иштеңиз.

Мүмкүнчүлүк таап психологдон кеңеш алып коюңуз. Өзүңүздү баалаганды үйрөнүңүз. Сизге ийгилик каалайм.

1
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт