// //

Балдардын ич өтүүсү боюнча ар бир ата-эне муну билиш керек

2022.01.18, 10:56
17236

Диарея (ич өткөк) – бул суюк, тез-тез болуп туруучу суу аралаш заң. Балдарда көп жолугат. Эгерде балаңыздын ичи өтсө тезинен ооруканага же үй-бүлөлук дарыгерлер тобуна кайрылыңыз. Ошондой эле баланын сууну жетишээрлик ичип жатканына ынаныңыз. Баарынан жакшысы регидратациялык  туздуу суюктукту колдонгонуңуз  оң.

Диарея деген эмне?

Диарея (ич өткөк) – бул суюк, тез-тез болуп туруучу суу аралаш заң. Балдарда көп жолугат.

Диареянын симптомдору

Эгерде балаңыздын ичи өтсө анын заңы тез-тез жана суу аралаш болот. Заңдын түсү күрөң түстөн жашыл түскө чейин өзгөрүп, заңдан тамактын ажыраган бөлүктөрүн көрүүгө болот.

Ич өткөктү коштоп жүрүүчү башка симптомдорго ичтеги карышуу, ичтин көбүшү, жүрөк айлануу, кусуу, жана калтыроо кирет.

Ич өткөк ошондой эле бала үчүн чоң көйгөй болгон - суусузданууга алып келет.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна качан кайрылуу керек?

Эгерде балаңыздын ичи өтсө дайыма үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз. Ошондой эле төмөнкү учурларда үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу сунушталат.

  • 14 күндөн ашык убакытка созулган жана күнүнө үч маалдан көп кайталанган ич өтүү болгондо ;
  • Заңы суу аралашкан же майлуу, жашыл, былжырлуу, кан аралаш жана курамында сиңбей калган тамак-аштын калдыгы  болгондо;
  • Бала арыктаганда

Эгерде  ичи өтүп жаткан балада төмөнкү белгилер болсо, тез жардам бригадасын токтоосуз чакырыңыз;

  • Суусуздануунун белгилери билинип - сууну көп ичсе же тескерисинче начар ичсе, чыргоолонсо, көздөрү ичине кирип, колу-буту муздаса
  • Ичи тынбай катуу ооруса
  • Заарасы азайса же такыр жок болсо
  • Тамакка болгон табити төмөндөсө же жоголсо (тамактан баш тартуу)
  • Заңында кан пайда болсо

Медициналык тез  жардамды талап кылган балаңыздын олуттуу оорусунун белгилери; ичтин катуу оорушу, уйкусуроо, кубаруу,теринин көгөрүүсү, суусуздануу, оор дем алуу, карышуу, шалдыроо.

Диареяга тест

Эгерде ич өткөк белгилүү бир вирус, бактериялар же мите курттар менен коштолгон болсо, анда балаңыздын заңы көйгөй эмнеде экендигин көрсөтөт.

Ич өткөк көп убакытка созулса, оорунун башка негизги себептерин  изилдөө үчүн үй-бүлөлүк дарыгер кошумча  анализдерди жазып бериши мүмкүн (кандын жана заңдын анализдери).

Ич өткөктү дарылоо

Суюктуктар

Эң башкысы – балаңыз жетишээрлик суу ичип жаткандыгына ынануу.

Баарынан жакшысы - таза суу, туз жана канттын аралашмасы болгон ооз аркылуу ичүүчү  регидратациялык туздуу  суюктукту колдонуу. Сиз бул суюктукту дарыканадан рецеби жок эле сатып ала аласыз. Эки жашка чейин ар бир суюк заңдоодон кийин 50-100 мл, 2 жаштан жогору 100-200 мл ар бир суюк заңдоодон кийин бересиз. Балага суюктукту, ич өткөк токтоп калмайынча  чыныдан кичине ууртам менен тез-тезден берип турган оң.

Эгерде сиздин балаңыз эне сүтү менен тамактанган бала болсо, анда баланы тез-тез эмизүүнү уланта бериңиз. Сиз балаңызды эмизүүнүн ортолорунда, ооз аркылуу берилүүчү кошумча суюктуктарды берсеңиз болот. Эгерде балаңыз сүт аралашмасы менен тамактанып жаткан болсо, ооз аркылуу берилүүчү кошумча суюктуктарды биринчи 24 саат ичинде гана берип, андан кийин тамактануусуна сүт аралашмасын тез-тез жана кичине үлүштөр менен  киргизиңиз. Сиз мурдагыдай эле эмизүүнүн аралагында ооз аркылуу ичүүчү  регидратациялык туздуу суюктук менен бирге суюк тамактарды (мисалы, сорпо, күрүч кайнатмасы, кефир кошулган суусундуктар ,кайнатылган же бөтөлкөдөгү суу) берсеңиз болот.

Тамактануу

Балаңыз алгач тамактан баш тартышы мүмкүн. Эгерде балаңыз ачка болсо, анда анын каалаган тамагын берсеңиз болот. 24 сааттан ашык баланы тамаксыз калтырбаңыз.

Кошумча процедуралар

Эгерде баланын суусуздануусу ооз аркылуу ичүүчү  регидратациялык туздуу суюктукту бергенден кийин дагы улана берсе, анда ага түздөн-түз суюктукту тамчылатма аркылуу же  мурун менен көтөрүлүп ашказанга баруучу назогастралдык  зонд, түтүкчө аркылуу берүү талап кылынат.

Баланы ич өткөккө каршы дарылар менен эч качан дарылабагыла. Бул ыкмалар иштеп кетет деген далил жок. Балким сиздин балаңызга антибиотиктер дагы керек эмес, сиздердин үй-бүлөлүк дарыгер сиздин балаңыз үчүн дарылоонун эң жакшы жолун айтып берет.

Ич өткөктү алдын алуу

Эгерде балаңыздын ичи өтсө, сиз бул инфекцияны токтотууга төмөндөгүлөр аркылуу жардам бересиз:

  • зыянсыз суунун болушу  (зарыл болгон учурда сууну кайнатуу);
  • жакшыртылган санитардык шарттар;
  • колду самындап жуу;
  • баланы биринчи алты ай ичинде эне сүтү менен гана багуу;
  • талаптагыдай өздүк гигиенаны жана тамак-аш гигиенасын сактоо;
  • ротавирустук инфекцияга каршы эмделүү.

 Балаңыздын ичинин өткөнү эң аз дегенде 24 саат ичинде  токтомоюнча, баланы башка балдардан, мектептен же балдар мекемелеринен алыс кармоо керек.

Көпкө созулган ич өткөк

Көпкө созулган ич өткөк төмөндөгүлөрдөн келип чыгышы мүмкүн:

  • лактозанын түрлөрүнө туруштук бере албоочулук (канттын сүттөгү компоненти );
  • лямблия сыяктуу мите курт инфекциялары;
  • глютен оорусу;
  • кээ бир тамак-аш азыктарына туруштук бере албоочулук;
  • дүүлүккөн ичеги синдрому;
  • ичегинин сезгенүү оорулары сыяктуу азыраак таралган оорулар.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт