// //

Апам эмнеге күйөөмдү үйгө чакыргысы келбей турганын билип ыйладым

2022.01.16, 12:58
12686

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

- Апама чалдым.

- Эмне дейт?

- Бүгүн дагы конокко кетерин айтты.

- Кызык, апам үйдө турбай калган го. 

Күйөөм апама чалып, үйдө болсо кабар алалы деп сураса эле, апам жок дей берет. Көбүнчө конокко кетерин айтат. Кээде ооруп калат. Айтор, биз барабыз десек эле, үйдө турбайт.

Күйөөм мага ачык айтпаганы менен апам аны көргүсү келбей жатканын түшүнүп турат. Мен да жаман болом. Үйлөнгөнүбүзгө аз эле болду. Апам минтип күйөө баласына жолуккандан качып жатат. 

- Апа, жакшысызбы?

- Жакшы, кызым, кандай жүрөсүң?

- Сонун апа. Бирок, күйөө балаңыз барам десе макул болсоңуз, андан сонун болмок.

- Кызым, ага себеп бар. Кеп күйөө баламда эмес. Бошогондо өзүң эле үйгө келип кетчи.

Эмне болуп кетти экен? Жумуштан суранып айылга жөнөдүм. Апам сыртта тоокторго жем чачып жүрүптүр. Мени көрүп "айланайын кызым" деп чуркап келди. Бетимден өөп, чекемден жыттады. Апам ай, сизди канчалык жакшы көрөрүмдү билсеңиз кана...

Үйгө кирип эле көзүм потолокко түштү. Жамгыр жаап,  потолок түшүп калыптыр. Апам ошондон уялып күйөө баласын үйгө конокко чакыра албай жатыптыр. Кичинекей үч бөлмөлүү үйүбүздөн көрк кетиптир. Апаман эмнеге айткан жоксуз десем, бизди убура кылгысы келбегенин, пенсиясын күтүп отурганын айтты. Ачууланып ыйлап жибердим.

Күйөөмө айтып бердим. Ыйладым. Унчукпай угуп отурду. 

Эртеси апам чалды. Үйгө усталар келгенин, баарын ремонттап башташканын айтты. Мени жиберди деп ойлоптур. Ооба, деп койдум дагы дароо күйөөмө чалдым.

- Апама мен экенин айтпай эле кой. Күйөө баласынан катуу уялса керек. Үйдү толук ремонттоп беришет. Дос баламдын бригадасын жөнөттүм. Сен кабар алып мага отчет берип тур. Экинчи ыйлаба. Мен барда ыйлаба, уктуңбу. 

- Макул. Жакшы көрөм сени.

- Мен дагы.

Кечээ апам чалды. Күйөө баласын тамак ичип кет деп чакырды. Дем алыш күнү айылга жөнөдүк. Апам дагы эле тоокторуна жем чачып жүрүптүр. Бизди көрө калып, чыныдагы суусун көтөрүп чуркап келатты.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт