// //

Бала төрөп фигурам бузулганда кайын энем минтип оозумду ачырды

2022.01.15, 15:54
19471

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Кыз-жигит кезибизде кайын энемди аябай “стерва” кылып сүрөттөчү. Башында баласы айтып жаткандан кийин ошондой эле болсо керек дечүмүн. Кээде сүйлөшпөй эле койсомбу, кайын энем кату болуп калса кантем дейт элем.

Ортодон бир жыл өткөндөн кийин тааныштырууга чакырды. Башымды, “эмне кийсем экен", "узунураак көйнөк сатып алайын", "чачымды өрүп же түйүп койсомбу", "боенбой эле коет окшойм”, деген ойлор ээлеп алды.

Ошол күн келди. Кайын энемди көргөндө оозум ачылып калды. Аны 55 жаштан ашкан аял, болгондо да айыл жергесинде жашаган деп эчким айтпайт. Орусча айтканда “стройная” экен. Бою, чачы узун, ашыкча салмагы жок, кашы терилген, тырмактары жасалган. Кыскасы мен элестетип алгандай "желмогуз" эмес. 

- Буга чейин мынча узун көйнөк кийген эмес окшойсун?
- Ииий, ооба. Мага спорттук кийим менен жүргөн ыңгайлуу.
- Мага да мурун жакча. Азыр көйнөк менен жүргөн жагат.
- Айий, бат эле тил табышып кетесиңерго, деп жигитим күлдү.

Баш коштук. Баары ойдогудай, күйүмдүү күйөөм, өз кызындай көргөн апам бар. “Өз кызындай” десем аша чаап кеткен болом. Бири-бирибизди сыйлаган кайын эне келин болдук.

Жолдошум экөөбүз туруктуу жумуш таап, дарыгерлерге текшерилип, витаминдерди ичип балалуу болууну пландагыча бир жылдай өттү. Апам менен жолдошум боюмда бар экенин укканда кубанычтарын жашыра албай бийлеп жиберишти. Жалгыз уул болгону үчүн батыраак неберелүү болгусу келсе керек.

Ошентип биз күткөн күн келди. Кыздуу болдук. Атын кеңешип “Адель” деп койдук. Кыркы чыгып, келиним тыңыгыча үйгө келбей тургула деп, бала көрчүлөрдү токтотуп салды. Төрөттөн кийинки депрессияга мени колдоп турган адамдар болсо дагы баттым. Стресс болгондуктан семирип дагы кеттим. Бир күнү кайын энем мени карап:

- Мурункудай фигураңды сактап калгың келеби? Мендей сулуу боюнча калгың келеби ыя?
- Иий апа, албетте. Бирок чарчап, стресс болгонго семирип эле баратам. Курсагым да ушул боюнча калып калбаса экен.
- Ошол үчүн эртеңден баштап фитнеске же йогага барсаң болот. Сумкамды карасаң абонимент алып койдум. Баланы болсо мен карап турам. Эми, небереме эки саат чыдабай эмне болупмун.
- Апаа, күткөн эмесмин. Чоң рахмат.

Кайын энемди идеалдуу деп айтпайм. Кээде кайын энелигин кылып коет. Жумуштарыма кийлигишет. Келиндер мени жакшы түшүнсө керек. Бирок бул кылганын эстесем жүрөгүм жылыйт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт