// //

Бул 5 себептин айынан балдарындын мектепке болгон кызыгуусу тарайт

2022.01.15, 14:17
1399

Биринчи класска бара турган балдар мектепке бара турган күнун чыдамсыздык менен күтүшөт. Эмнегедир алардын энтузиазмы 1-2 жумага эле жетет. Психолог Свтелана Дмитриева баланын кызыгуусунун тарап кетишинин 5 себебин атады.

  1. Акталбай калган күтүүлөр

Майрам бат эле аяктап, андан кийин кызыксыз күнүмдүк жашоо башталды. Мектепти башкача элестетип алган балдардын тез эле көңүлү калып калат.

Мисалы менин тажрыйбамда мындай окуя болгон. Окуучу бала биринчи мугалимин жаш, сулуу эжей, деп элестетип жүргөн экен. Анан улгайып калган мугалимдин классына туш болгондо, аябай капаланган.

Балаңызга 1-сентябрдан кийин эмне болорун айтып бериңиз. Күн тартиби кандай болот, канча күн окуйт, канча күн эс алат, ким аны мектепке узатат, ким тосуп алат, канча убакыт мектепте болот, канчасын үйдө өткөрөт, үй-тапшырмаларды кантип, кайсы жерде отуруп аткарат.

Бардык учурларды деталдаштырып, майда чүйдөсүнө чейин түшүндүрүү керек.

  1. Мектепке ашыкча даярдык көрүү

Кызыктай угулушу мүмкүн, бирок көпчүлүк ата-энелер балдарын даярдоочу курстарга беришет. Анда мектеп программасын эле окутушат. Натыйжасында, бардыгын билип алган балага мектеп кызыксыз. Себеби ал бүт барын билет, мотивация жоголот.

Эгер сиздин бала ушундай кырдаалга туш болуп калса, алынган билим канчалык маанилүү экенин көрсөтүп бериңиз. Мисалы алфавитти үйрөнүп жатканда ал тууралуу кызыктуу фактыларды айтып бериңиз. Алфавитти ким ойлоп тапкан? Адамдарга алфавиттин эмне кереги бар? Алфавиттин канча түрү бар? Ж.б.

  1. Балага ашыкча талаптарды коюу

Үчүнчү себеби, буга чейинкисинин карама-каршысы. Эгер даярдыгы мыкты балдар үчүн бардыгын билип алгандыктан мектеп кызыксыз болсо, тапшырмаларды аткара албаган бала ийгиликке жетпегени үчүн окугусу келбейт. Кээде ата-энелер жеке амбициясын канааттандыруу максатында балага ашыкча талап коюшат.

Эмне кылуу керек? Биринчи кезекте талапты жумшартыңыз. Бул болгону бала, ал окуучу болгонду жаңыдан гана үйрөнүп жатат. Ата-эненин жана мугалимдин колдоосу, мактоосу менен кандай болбосун бала ийгилик жаратат.

Сабырдуу жана чыдамкай болуңуз.

  1. Жаш курактагы айырмачылык

Азыркы талаптарга ылайык, 6,5 жаштан 8 жашка чейинки балдар биринчи класска кабыл алынат. Бир жылдык айырма балдардын өнүгүүсүно олуттуу таасирин тийгизет. Чоңураак балдарга кызыксыз, ал эми кичирээктери классташтарынын темпинде окуй албайт.

Ошондуктан баланын жаш курагын эске алып, теңтуштарына кошконго аракет кылыңыз.

  1. Маалыматтын көптүгү

Заманбап балдар маалымат ашыгы менен берилип жаткан чөйрөдө өсүп жатышат. Информация жеткиликтүү жана аны алуу үчүн эмгек коротуп, башты иштетип отуруунун зарылчылыгы жок. Телефон аркылуу берилип жаткан контент кызыктуу, өзүнө тартат. Мындай атаандаштыкта мектеп билими утулуп калып жатат.

Алгач маалымат агымын кыскартыңыз. Окуу процессин жагымдуу жана кызыктуу кылганга аракет кылыңыз. Бул жерде да экинчи пунктагы кенештерид колдонсоңуз болот.

Баланын окууга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн окуучу болуу артыкчылык экенин көрсөтүңүз. Сабак окуусуна атайын орун бөлүп бериңиз, анын жаңы статусун, мектеп окуучусу экенин баса белгилеп туруңуз. Майда-барат иштер боюнча аны менен кеңешиңиз, же жардамын сураңыз.

Кыскасы, чоң кишиге мамиле жасаңыз, бирок анын али кичинекей бала экенин унутпаңыз.

Маалымат mel.fm сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт