// //

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

2022.01.14, 14:29
40531

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Салам достор! Жакында эле таңкалычтуу бир окуяга туш болдум. Кантип башташты дагы билбей турам. Алтындай болгон кайын энемдин сырын билип калдым. 

Карылык деле сонун өтөрүн кайын атам менен кайын энем далилдеп берди. Экөө жөн кишилер эмес экен. Тамашалары укмуш. Бири-биринин оюдарычы. Кайын атам өтүп баратып кайын энемдин жоолугун тартып кетет. Кайын энем болсо, кайын атамдын баш кийимин көзүн жааптырып кийгизип салат. Жөн сүйлөшүшпөйт. Аларды уксаң бооруң эзилип калат.

Күйөөмдө болсо, ата-энесинин бир дагы мүнөзү жок. Тамашакөй эмес, оор басырыктуу. Ага тамаша айтсам акырын жылмайып коет. Кытыгыласам күлбөйт. Карап тура берет. "Жаман экенсиң" деп кетип калам. Кээде "точно ушул эки адамдын баласы болосуңбу" деп сурайм. 

Кайын энем болсо мага "ай, убара болбо, ал жаш кезинде күлкүсүн чүкөгө алмаштырып жиберген" деп коет. Күйөөм көрсө кичинесинен эле ушундай бир мүнөз адам экен.

Бирок, эң сонун күйөө. Камкор. "Сүйөм" деп көп айтпайт. Бирок, аны иш жүзүндө далилдейт. Бир байпак кийип жүргөнүмдү көрүп, "дагы кий" деп урушат. Суукта курткамды катуу топчулап, монума шарфын ороп коет. Базарга продукттуга түшсөк, өзүнүн кол кабын мага кийгизип, колу тоңгонуна карабай эки пакетти көтөрүп алат. 

Кайын энем бир жумада бир жолу бирөөнү аябай күтүп калат. Мен муну дайым байкайм.

Бир жолу сарайдан инструмент издеп жүргөм. Кайын энем мени көрбөй калса керек. Тамдын аркасынан бир киши келди. Экөө учурашып, анан кайын энеме пакет берди. Кайын энем ал пакетти шытыратып көтөрүп алып, сарайга кирди. Мени көрүп токтоп калды.

"Коровка" деген конфеттер экен. 

- Мага дарыгер таттуу жегенге тыюу салганына көп болуп калды. Бирок, чыдай албай кетем. Кээде минтип сүйүктүү конфетимди дүкөнчүдөн алдырып жеп турам. Кайын атаң менен күйөөң билсе мени урушушат. Аларга канча жолу кармалдым. Керебетимдин астына бекитсем дагы кайын атаң таап алып урушат. Ооба, алар мени ойлоп жатат. Бирок, кантип жебей коем. Сен болгону аларга айта көрбө э. Кармалгыча ушинтип турайын.

- Ой кабатыр болбоңуз апа, эмнеге айтмак элем.

Мен эми билдим. Көрсө кайын энем дүкөнчүнү күтөт турбайбы. 

Баягыда кайын энем экөөбүз келе жатсак, дүкөнчү байке чыга калды. Кайын энеме бир нерсе айтайын деп, мени көрүп токтоп калды. Ошондо кайын энем, "ай, конфетимди эртең алып кел, келиниме дагы ашыкча салып кой" деп көзүн ымдап койду. Мынчалык тың кемпирди көргөн эмесмин. Дүкөнчү байке, "болду апа, айтканыңыздай болот" деп калды. Кыскасы, мен кичинекей кылмышка аралаштым (күлүп). 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт