// //

6 жаштагы кызымдын ич кийими кан болуп жатат. Эмнеден болушу мүмкүн?

2022.01.11, 15:25
1625

Саламатсызбы! Менин 6 жаштагы кызымдын ич кийими кан болуп жатат. Эмнеден болушу мүмкүн?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.01.2022, 15:35

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Мындай көрүнүш бир нече себептерден улам болот. Мүмкүн кызыңызды кычышуу кыйнап келет. Анан ал жыныс мүчөсүнүн былжыр челин канаганча тырмап салат. Ал эми сырткы жыныс органдарынын былжыр челдери өтө сезгич жана жука болот.

Андан тышкары кычышуу төмөнкү себептерден улам болушу мүмкүн:

- гельминттердин инвазиясы
- вульванын (сырткы жыныс эриндеринин) склероатрофикалык лишайы
- цистит
- вулванын контакттык аллергиялык дерматити
- вульвовагиналдык кандидоз
- вульва псориазы ж.б.

Өзүңүз көргөндөй көптөгөн себептер бар, муну текшерүүсүз аныктоо мүмкүн эмес. Курттарга, мазокко, канга жана заарага анализ тапшырууңар зарыл. Тезинен балдар гинекологуна кайрылыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @doktor.saginova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт