// //

Уктап жатсам аялымды ким өөп кеткенин билип оозум ачылды

2022.01.03, 12:18
15684

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Эртең менен турсам маанайы сонун. Кечээ эч нерсе болбогондой ырдап жүрөт. Чуркап келип бетимден өөп, чайга чакырды. Мен жактыргандай кылып жумуртканы дагы бышырып коюптур. Кызык, менимче экөөбүз кечээ катуу эле урушканбыз. Буга эмне болгон?

Баш кошконубузга жети жыл болуп калды. Э достор, үй-бүлөлүк турмуш сонун дечи, бирок ошого жараша жаманы дагы бар. Алгачкы жылдары тил табыша албай чарт-чурт болуп жүрдүк. Төрт жыл кыз-жигит болуп жүргөнбүз. Ошентсе деле түшүнбөстүктөр болот экен. 

Бирок, бир дагы жолу экөөбүздүн оозубуздан "ажырашам" деген сөз чыккан жок. урушсак деле бири-бирибизди сүйөрүбүз анык эле.

Бул жолу катуу уруштук. Ал дагы ашыкча сөз айтты, мен дагы ашыкча сөз айттым. Баягы эле акчанын айынан. Анан таарынып барып жатып алды. Мен да таарынып жанына жатпай жерге төшөк салып жатып алдым. 

"Макул, кечирдим. Экинчи мындай жаман сөздөрдү айтпайлы." Жумуртка жеп отургам. Какап кеттим. Ошондо мени кечирдиби? Түшүнбөй карап туруп калдым.

- Кечинде келип өөп, жууркан жаап кеткениңди билдим. Көзүмдү ачпай койдум. Бирок, аябай сүйүндүм.

- Ошондо мен өөп кеттимби?

- Койчу тамашаңды, анан ким болмок эле. Тур, балдарды мектебине таштай кет.

Ордунан туруп жумушуна даярдана баштады. Менин ашымда бир гана суроо "Аялымды ким өптү?"

Билдим. Аркы бөлмөдөн апам мойнун созуп карап туруптур. Мен карай калсам шап бурулуп басып кетти. Көрсө, апам биз уктап калгандан кийин келининин бетинен өөп, жуурканын жаап кетиптир. Экөөбүздүн урушканыбызды уккан. Анан акырын жаныма келип мындай деди:  "Мен эмес деп айтсаң, менден бирди көрөсүң. Мен болбосом бүгүн дагы тултуюп жүрмөксүңөр. Мындан ары өзүң биринчи кечирим сурап жүргүн. Бир жериң кемип калбайт. Аялдын көңүлү назик болот уулум, уктуңбу?!" Эмне дешти билбей башымды ийкеп жибердим. апам чыгып кетти. 

Амалкөй апам бар да. Бирок, ар дайым келинине тарта бергенине ачуум келет. Мен деген баласымын го...

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Качан күйөөгө тиесиң? - кыжырга тийген суроолордун лидери.

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт