Акча жок кызымды атасына таштаганга мажбур болгом. Эми алсам болобу?

2021.12.10, 09:55
455

Мен жолдошум менен жашабаганыма 6 айдын жүзү болду. Себеби анын ата-энеси жана жолдошум менен эч эле келише албай койдум. Үйдөн чыгып кеткем. Арыз жазып алиментке тапшырып койгонумда, өзүмдүн ата-энем үйгө киргизбей коюшкан. Каражат жактан да кыйналып калдым. Кызымды алсам каяка барам деп ойлонуп, атасынан албадым. Учурда алар менен байланышпайм. Кызым жазда 3кө чыгат. Учурда мен Москва шаарында жүрөм. Иштеп кичине каражат топтоп, жазда барып кызымды өзүмө алаламбы? ЗАГС жок, алган эмеспиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.12.2021, 10:05

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы! КРнын Үй-бүлө кодексининин 66-беренесине ылайык ата-энелер балдарына карата бирдей укукка жана милдетке ээ.

Эгерде мурдагы жолдошуңуз менен сүйлөшүү, макулдашуу жолу аркылуу кызыңызды өзүңүзгө ала албасаңыз, анда КРнын Үй-бүлө кодексининин 70-беренесинин 2-пунктуна ылайык сот аркылуу алсаңыз болот.

Ал үчүн Кыргызстанга келип, "баланын жашаган жерин сиз менен аныктап берүү" боюнча сотко доо арыз жазып кайрыласыз.

Бул үчүн туруктуу жашаган жериңиз, кирешелериңиз болушу керек.
Нике күбөлүктүн жоктугу буга тоскоолдук эмес.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт