// //

Кыздык белги алынбаса дагы бойго бүтүп калабы? 

2021.12.03, 15:29
14014

Саламатсызбы! Менин суроом төмөндөгүчө. Менин турмушка чыканыма 1 жыл болду. Бирок кыздык белгим дагы деле алына элек. Ичине эми эле киргенде катуу ооруйт. Дагы деле аракет кылам, бирок болбой жатат. Өзү ошентип ооруйбу билбей жатам. Турмушка чыккандан кийин 3 айда боюма бүттү. 8-9 жумалык болгондо өспөй калды. Алдырганы барсам гинеколог кыздык белгим бар экенин айтты. Ошондо кыздык алына элек эле бойго бүтүп калабы? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.12.2021, 19:39

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Кыздык белги бар туруп эле бойго бүтүп калышы мүмкүн, мындай учурлар көп. Кыздык сперматозоиддердин киришине эч кандай тоскоолдук кылбайт жана сперматозоиддер жумурткага өздөрү эле жол таап алат. Кеңири таралган мифтердин арасында - аял боюна бүтүшү үчүн оргазм алышы керек деген ишеним бар, бул жалган маалымат.
Дагы бир суроо, эмне үчүн күйөөңүз менен жыныстык катнашта көйгөй бар, сизге кирүүсүнө дагы эле уруксат бербей жатасыз? Мүмкүн, жыныс кыныңыз өтө тар же оорутууга болгон чыдамыңыз төмөн. Бул учурда сөзсүз адиске баруу керек, кеңеш алгыла, жөн жүрө берген болбойт. Адис атайын ооруну басаңдатуучу спрейлерди, дарыларды, ыкмаларды дагы айтып берет. Ал эми күйөөңүз дагы шашылбай, тыкан болуп, акырындык менен киргизип, любриканттар менен кошумча майлоосу керек. Гинекологго жана сексологго кайрылгыла.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт