// //

Эки кайын сиңдим көрсөткөн нерселер кайын энемдикинен ашып кетти

2021.12.02, 12:58
5548

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жолдошум таанышканыбызга үч күн болгондо эле досторубуздун алдында колумду сураган. Жоро-жолдошторунун алдында сынып калбасын деп, сунушун кабыл алып койгом. Беш саатка созулган майрабыз бүткөндөн кийин шакегин кайрып берсем албай койду. 

- Айнур, мага мүмкүнчүлүк берчи. Мен кыялыңдагы жигитиң болуп берем. 

Ортодон так сегиз ай, 14 күн өткөндө баш коштук. Данияр чындап эле кыялымдагы жигитке айланды. Ага турмушка чыгууга даяр болдум. 

Кызыгы курбуларымдын көбү, “Анын эки карындашы бар, билесиңби кайын сиңди деген, экинчи эле кайын энең болот”, “туура, ошолор сага көрбөгөндү көрсөтөт”, “тиги Назира эсиңердеби, ошол арызданып калчу го…”, “иий Айнур, ойлонуп көрсөңчү, алар мектепти бүтүп кеткиче, кууратышат сени”, деп бири-бирин коштоп мага күйүштү. 

Чынын айтсам ага анчейин деле маани берген жокмун. Өмүрлүк жарым жакшы адам болсо, башкасын тууралап алам дедим. 

Эки күндөн кийин башыма жоолук салынып, эки кайын сиңдим менен бирге көшөгөнүн артында олтуруп калдым. Курбу кыздарымдын айтканын эске алсам жанымда эки “желмогуз” олтурду. Бир маалда: 

-Жеңе, сиздин курсак курулдап жатабы? Же Зуура сеникиби? 

- Ооба, меники курулдап жатат.

- Азыр келебиз. 

Заматта көшөгөнүн ичине дасторкон даярдап жиберишти. Салат, компот, таттуулар, алма, банан. Эми чайды колума алганда, каткырып күлүп Зуура кирип келди. 

-Жеңе шорпо ичесизби? Байкем берип жиберди. Жеңеңер ачка болсо менден бирди көрөсүңөр дейт. 

Үчөөбүз күлүп, курсакты тойгуздук. Менимче кайын сиңдилерим жакшы окшойт. 

Кайын энем ачык адам. Баарын бетке айтат. Кээде бул сапаты мага жага бербейт. Эми өзүңөр деле түшүнсөңөр керек жаңы келиндин кемчилигин бетке айтса кандай ыза болоорун.

Дайыма жумушта болгондуктан үйдөгү бардык иш менин моюнумда. Эмне каякта, бул үйдүн эрежеси кандай экенин айтып үйрөткөн дагы жок. Кайын сиңдилерим баарын айтып түшүндүрүп турушат. 

Апам жумушка кеткенден кийин мага жыргал жашоо башталат. Кайын сиңдилерим төргө олтургузуп чай берет. Бири үйлөрдү ирээттесе, экинчиси кечки тамактын камын ойлойт. “Жөн эле койгула, өзүм эле” деген сөзүмө кулак салышпайт. “Сизге жардам бербесек, кийин бизге кайын сиңдилерибиз жардам бербей койчу эле” деп күлүп калышат. 

Апам жумуштан келгенде үйдө баары даяр. Сиңдилерим кылган иш үчүн мен мактоо угам. Ушундай сиңдилерге туш болгонума абдан бактылуумун. Иий баса, жакында силер сиңдилүү же инилүү болушуңар мүмкүн. 

Урматтуу Bilesinbi.kg кайын сиңдилерим силерди окуйт, мүмкүн болсо силер аркылуу дагы рахматымды айтып алайынчы.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Алтындай болгон келинибизди кетирген экенбиз деп өкүндүм

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт