// //

Кызы бар ар бир ата бул 6 нерсени сөзсүз билиши керек

2021.11.30, 08:52
1939

Психолог Алла Клевакова кыздары бар аталар эмнелер тууралуу билиш керек, кыздарынын жашоосунда орду канчалык экенин Bilesinbi.kg сайтына айтып берди.

1. Кызыңызга жакшы көрөрүңүздү көп ирет айтыңыз

Кыздын атасы анын жашоосундагы биринчи орунда турган жана негизги мырза. Экөөнүн ортосунда түзүлгөн мамиледен болочок аял, жар жана эненин тагдыры, бактысы түздөн түз көз каранды. Кызыңызды жакшы көрөрүңүздү айтып, жана көрсөтүп туруңуз.

2. Келечекте кандай мырзаны тандай турганы сизден көз каранды

Эгер атасы кызына суз мамиле кылып, эркелетпесе, кучактабаса, мактабаса чоңойгондо кызы кайдыгер, бой көтөргөн жигитти тандап, анын көңүл бөлүүсүнө татыктуу болгусу келип, басынтууга, кемсинтүүгө чыдап жүрө берет. Зигмунд Фрейддин теориясына ылайык кыздар билип-билбей туруп атасына окшогон кишини жактырып, сүйүп, ошондой адамга турмушка чыгат.

3. Атасы кыздын мүнөзүндөгү туруктуулукту жана өзүнө болгон ишенимди калыптандырат

Психологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй ата баланын күнүмдүк жашоосуна канчалык көп катышса, бала ошончолук ийгиликтүү, бактылуу инсан болуп чоңоет. Атасы кыз үчүн таянар тоосу, коркунучтан сактап кала турган коргоочусу, сырдашы, досу болот. Кандай кыйынчылыктарга туш болбосун ар дайым атасына келип, жардам сурай ала турганын, атасы ар дайым ал тарапта боло турганын билиши керек. Ишенимдүү мамиле кургула.

4. Кызыңыздын энесин сыйлаңыз

Бул биздин тизмектеги эң орчундуу кеңеш. Балдарыңызга энесин жакшы көрөрүңүздү жана аны сыйлаганыңызды көрсөтүүдөн тартынбаңыз. Бактылуу эненин балдары бакыт эмне жана кандай экенин билишет. Келечектеги жашоосунда издешет.

5. Үйгө келгенде телефонуңузду өчүрүп коюңуз

Кызыңыз сизди сагынды, бир күн кечке күттү. Ошондуктан үйдүн босогосун аттаарыңыз менен телефонуңузду өчүрүп, кызыңызга көңүл бөлүңүз. Бирге ойноп, бирге китеп окуңуз, кичине тентектик кылууга да уруксат бериңиз. Бала тез эле чоңоет, убакытты өткөрүп жибербеңиз. Кийин өкүнүп каласыз.

6. Кичинекей ханбийкеңизди “свиданиеге” чакырыңыз

Бирге киного же кафеге барып келгиле. Бир жерге бара турганынызды алдын ала айтып, кийинип даярданып туруусун эскерткиле. Үйдөн чыккандан кийин машиненин, кафенин эшигин ачып берип, кызыңызды алдыга өткөрүп, пальтосун чечкенге жардам берип чыныгы джентельмен болуңуз. Тамаша айтып күлдүрүп, комплимент айтып маанайын көтөрүңүз. Ал өзүн ханыша сезсин. Бул күндөр өмүр бою кызыңыздын жана сиздин эсиңизде калат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт