// //

Кулагымда шуулдаган добуш пайда болду. Эмне кылсам болот?

2021.11.30, 08:48
841

Саламатсызбы! Жакын арада эле, кулагымда шуулдаган добуш пайда болду. Эч нерсе деле кылган эмесмин, эми чукуп же жаракат алып дегендей. Сууктан деп ойлоп жатам. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.11.2021, 08:49

Владимир Пак

Отоларинголог

Саламатсызбы! Кулакта шуулдаган добуштун себептери абдан көп жана түрдүү. Мисалы: стресс, кан басымы, моюндагы остеохондроз, вирустук инфекция, кулкунун толуп калышы ж.б.

Доктурга көрүнгөнгө чейин жалбыз (мятный) камтыган сагыз чайнасаңыз болот. Бул бир аз болсо да абалды жеңилдетет. Мурдуңуз таза болуп, ээн-эркин дем алышыңызды көзөмөлдөңүз.

Бирок узакка созбой сөзсүз ЛОРго кайрылып, себебин аныктап дарыланыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Владимир Пак менен инстаграмдагы @Vladimir_md баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт