// //

Жыныс мүчөнү операция жолу менен чоңойтсо болобу? Уролог жооп берет

2018.03.05, 16:35
8400

Окурмандардын суроолоруна Бишкектеги Улуттук госпиталдын алдындагы урология борборунун дарыгери Канатбек Казымбеков жооп берди.

Гипаспадия деген кандай оору? Аны менен ооруган адам кийин балалуу боло алабы?

Гипаспадия - заара түтүкчөсүнүн тубаса аномалиясы. Ар кандай себептерден улам пайда болот. Мисалы, кош бойлуу эне инфекциялык оорулар менен ооруса, дарыларды көп колдонсо, токсиндер чыккан шартта иштесе курсактагы балага терс таасири тиет. Убагында дарыласа балалуу болууга 100 пайыз мүмкүнчүлүк бар.

Простатиттин белгилери кандай жана аны үй шартында дарыласа болобу?

Простатит - 25-30 жаштан 45-50 жашка чейинки эркектердин жыныс безинин сезгениши. Өздүк гигиенаны сактабаса инфекциялар заара түтүкчөсүнүн каналында калып калат. Кийин суук тийгенде же кандайдыр бир себептерден улам оору күчөп простатитке айланат.

Белгилери - жумуртка бези тартышып ооруйт, муздайт, бат-баттан заара кылат, каналдын ичи ачышат же табарсыктын үстү, бел менен омурткалар ооруйт. Простатитти убагында дарылабаса жыныс алсыздыгына алып келет.

Жыныс безинин чукул сезгенишинен улам пайда болгон курч простатитте консервативдик жана операциялык ыкмалар, тубаса простатитте антибиотиктер, ийнелер жана физикалык дарылоо колдонулат. 

Ооруну алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сактоо керек. Өз алдынча дарыланууга тыюу салынат. Белгилери байкалса дароо урологго кайрылгыла.

Жыныстык катнашка жөндөмсүз болуп калдым. Бул простатитпи же аденомабы?

Простатит же аденома деп айтуу эрте. Жыныс алсыздыгы психикадан, гормондордон, нервден улам болушу мүмкүн. Текшерүүдөн кийин гана себеби билинет. Урологго же сексапатологго кайрылыңыз.

22 жаштамын. Жыныс мүчөм кичинекей. Кандай жолдор менен чоңойтсом болот? Тааныштарым пластикалык операцияны сунушташты.

Жыныс мүчөнү чоңойтуу ыкмаларынын баары туура эмес. Гелдер, дарылар, маздар же башка каражаттардын эч кандай пайдасы жок. Төрөлгөндө кандай болсо, ошондой калтырып коюу керек. Операция менен узартса, кийин мүчөнүн бурчу туура эмес болуп калышы мүмкүн.

22 жаштамын. Жыныс мүчөм  эрекция учурунда 10 см. Бул нормалдуубу?

10 см патология эмес. Эрекция учурунда 6-8 см болсо, "кичинекей мүчө" деп текшерүүгө алабыз. Сиз урологго кайрылып, гормондорду текшертип, анализ тапшырып коюңуз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт