// //

Эгер сизде бул 13 белги болсо анда өзүңүздү сыйлаган айымсыз

2021.11.27, 15:52
4018

Эмне үчүн аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын курмандыкка чалат? Анын терс жактары макаласынан кийин, мен кантип өзүмдү сыйлаганды үйрөнөм? – деген суроо менен көптөгөн айымдар кайрылышты. Суроо-талапка ылайык, психолог Эльвира Чокоева, өзүн –өзү сыйлаган аялдын 13 белгиси тууралуу Bilesinbi.kg сайтына айтып берди.

Кандай болбосун гармониялуу мамиле, аял менен эркектин ортосундагы, ата-эне менен баланын, достордун, кесиптештердин ортосундагы мамилелер сый-урматтын негизинде калыптанат, башкача айтканда бул карым-катнаштын пайдубалы.

Эркектер мүнөзү үч башка аялга, үч башка мамиле жасашат. Ошондуктан аялдын өзүнө болгон сый-урматынан көп нерсе көз каранды.

Эмесе кеттик, өзүн-өзү сыйлаган аялдардын белгилери:

  • Өзүн кемсинтүүгө, орой мамиле жасоого жол бербейт. Кандай мамиле жасоого болот, кандай мамиле жасоого болбой турганын так жана даана билет.
  • Жеке каалоолору жана келечекке болгон пландары тууралуу ачык билдирет.
  • Кек сактабайт. Таарынычтарын чогултпай, дароо билдирет. “Мага сенин мамилең жаккан жок”, “Сөзүң катуу тийди” деп сезимдерин ачык айтат.
  • Эркектин артынан чуркап жагалданбайт.
  • Өзүн жана жеке каалоолорун эч качан экинчи орунга, арткы планга койбойт.
  • Ооруп жатса, оорудум - деп эле айтат. Ооруганы үчүн өзүн күнөөлүү сезбейт. Мындай аялдын жолдошу жана балдары бардыгын түшүнүү менен кабыл алат. Себеби алар, апасынын, жубайынын ден соолукта болушун каалашат.
  • Өзүнө кам көрөт. Убагында докутурга көрүнүп, дарыланат.
  • Өзүнө жаккан жана өзү жарашыктуу деп санаган (күйөөсү, балдары же кайын энеси айткандай эмес) көйнөгүн кийет.   
  • Өзүн сыйлаган аял ушак сүйлөбөйт. Башка бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишпейт.
  • Көйгөйлөрдүн бардыгын башына үйбөйт. Жакындарынан жардам сурай алат. Балдар үй жыйнап, тамак аш даярдаганга жардам беришет. Күйөөсү базарга барып азык-түлүк алып коет.
  • Жакындарына жылуу мамиле кылат. Көңүлүнө жакпаган адамдар менен сүйлөшпөйт, катышпайт.
  • Айланадагылардын көзүн карабайт. Ар бир маселе боюнча жеке пикири бар.
  • Өзүнө ишенимдүү жүрөт. Мындай адамдар менен сүйлөшкүң эле келип турат.

Билесиңерби, мага учактарда асманга учаар алдында жүргүнчүлөргө берилген инструкция жагат.

Авариялык кырдаал боло турган болсо, чоң киши алгач кычкылтек максасын өзү кийип, андан кийин гана балага кийгизүүсү шарт. Себеби болгону 6-7 секунддук убакыт бар. Кыска мөөнөттө маска кийип жетишпесең эсинди жоготуп коесуң. Ошондо балаңа да сага да эч ким жардам бере албай калат. Анткени кичинекей балдар коркконунан ыйлап, масканы кийгиси келбей чыр салышат. Сиз убакыт жоготосуз. Ал эми өзүң масканы кийип, андан кийин балага кийгизең эсин жоготкон бала бат эле өзүнө келет.

Жашоодо да ушундай. Алгач өзүң бактылуу болушуң керек. Ошондо гана жакындарыңды бактылуу кыла аласың.

Бар болуңуз, урматтуу аялзат!

Эльвира менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт