// //

Балаңыз сизди жаңы төрөлгөн наристеден кызганып жатса бул нерсени кылыңыз

2021.11.27, 12:21
910

Үй-бүлөдөгү балдардын ортосундагы кызганыч тууралуу Bilesinbi.kg’ге психолог Карлыгаш Акимкулова айтып берип, пайдалуу кеңештерин берди.

Балдардын ортосундагы кызгануу сезими бул нормалдуу көрүнүш. Себеби, балдар ата-энесин аябай жакшы көрүшөт, ансыз өзүнүн жашоосун элестете алышпайт, өзүнүн менчиги катары кабыл алышат. Албетте ата-энесин эч ким менен бөлүшкүсү келбейт жана башкалардан кызганат.

Бир күнү эле жаңы адам жаралып, сүйүктүү энесинин көңүлүн толугу менен ээледи. Ата-энеси андан оюнчуктары, кийими, ж.б менен бөлүшүүнү талап кыла баштады. Анысы аз келгенсип, ушул кичинекей ыйлаак наристени жакшы көрүшүң керек, деп айтышты.

Бала үчүн мунун бардыгы стресс. Өзгөчө ортосу 1-3 жаш болгон балдарга оор. Мындайда апасы балдарына көп көңүл бөлүп, жалгыз калтырбаганга аракет кылышы керек. Кичинекей балдар билбестик кылып, бири-бирине зыян келтирип алышы мүмкүн.

Бала кызгануу этабынан өтүүгө тийиш. Бирок ага жардам берүү керек. Себепсиз ыйлап, өзүнө мурдагыдан көбүрөөк көңүл бөлүүнү талап кылат. Же болбосо, тескерисинче жаркылдаган бала түнт, ызакор, үн катпаган балага айланат.

Баланы дагы бир баланын төрөлүшүнө кантип даярдоо керек?

Башкысы, бала үчүн бул күтүүсүз болбосун. Үй-бүлө толукталып, дагы бир бала төрөлө турганын билдиргиле. Апасынын курсагын көрсөтүп, ичинде бала бар, ал төрөлгөндө кичинекей, алсыз болот, ошондуктан байкесинин (же эжесинин) жардамына муктаж экенин айтып бергиле. Кичинекей ымыркайдын төрөлүшү бул майрам, чоң кубаныч деңиз.

Балага кантип жардам берсе болот?

  • Баланы урушпагыла. Туура эмес жасап жатканын мүмкүн болушунча тынч жана жеткиликтүү түшүндүрүп бергиле.
  • Эне бардык балдарына бирдей мамиле кылып, бирдей эркелетип, кучактап турушу керек. Ар бир баланын өзүнө тиешелүү оюнчугу болсун. Башка оюнчук менен ойногусу келсе, ээсинен уруксат алсын.
  • Эч качан бири-бирин салыштырбагыла. Салыштыруу атаандаштыкты, ич күйдүүлүктү жаратат.
  • Ата-энеге сабырдуулук керек. Балдарга мен сени жакшы көрөм, сен мага керексиң, сен менин жардамчымсың, деп айтып тургула. Кийинки бала төрөлгөндөн кийин мурдагыдай бетинен өөп, эркелетип, кучактап турууну унутпагыла.

Бала үй-бүлөдөгү өзүнүн ролун түшүнгөндөн кийин, кызганычы тарап, кайра мурунку калыбына келет. Демек ал өзүнүн жашоосундагы бир этапты башынан өткөрдү. Кичине болсо да эс тартып калат. Атаандашуу сезими акырындык менен кам көрүү, бири-бирине жардам берүү сезимине өтөт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт