// //

Чачты суу кезинде тарабаңыз. Чач жөнүндө кызыктуу 4 факт

2021.11.27, 11:46
7549

Салам достор! Бүгүн биз силерге чач тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып беребиз. Эгерде сизде чачыңызга байланыштуу көйгөй бар болсо, анда трихологго кайрылыңыз. 

1-факт

Чач ички организим начарлаганда белги берип түшө баштайт. Андан сырткары стресске кабылганда, химиялык заттарга ууланганда, витаминдин жетишпегенде, көп ойлонгондо, өтө чарчап, уйку качканда жана катуу тартып байлаганда, тараганда да көп түшөт. Окуучуларда жана студенттерде сынак учурунда чачтын түшүшү күчөйт

2-факт

Чачка кам көрүү үчүн дайыма витаминдүү ( А, С ) тамактарды жегенге аракет кылып, жумасына бир же эки жолу чач үчүн маска жасап cуу кезинде тарабай, фен менен кургатпай, аяр мамиле кылуу керек.  

3-факт

Чач агаруунун 3 себеби бар. Биринчиси, тукум куучулук, эгер ата-энесинде эрте жаштан чач агаруу бар болсо. Экинчиси, организимде майда элементтердин жетишсиздиги. Үчүнчүсү, чачтагы меламиндин ( чачка өң берүүчү элемент ) азайып кетиши. 

4-факт

Таз кылып алып салуу, коюу, калың чачтын чыгышына жардам бербейт. Эгер ата-энесинин чачы суюк, жука болсо анда баланыкы ошондой болот. Балдардын чачын кырып салуу ыңгайсыздык жаратат, өсүп чыкканча кычыштырат, досторунан тартынып дайыма баш кийим кийип жүрүүгө туура келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
09.02.2022, 02:05

Ggh

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт