// //

Күйөөм менен кайын энемдин мен жөнүндө сүйлөшкөндөрүн угуп ыйладым

2021.11.23, 16:21
14919

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Дубалга жөлөнүп көз жашымды төгүп турдум. Алар мени байкаган деле жок. Сүйлөшкөндөрүн уланта беришти. А мен ыйлаганымды уланта бердим. Ошол түнү экөөнүн ким экенин билдим. 

Бала жытына зар болуп жүргөнүбүзгө быйыл алты жыл болду. Баш кошкондон бери балалуу болсок деген тилегибиз күч. Барбаган жерибиз калбады. Баары сүйлөшүп алгансып убакыт керек экенин айтышат. Бирок чыдап отуруу мүмкүн эмес эле. 

Баарынан жаманы элдин сөзү экен. Күйөөм экөөбүз мунун айынан далай адамдар менен уруштук. Өздөрү күнөөлүү, бирөөнүн жеке жашоосуна кирүү маданиятсыздык экенин билишпесе эмне кылалы. Ар бир тилегибиз бала болуп калды. Бирок, акыркы жылдары тагдырыбызга моюн сунуп бердик. Болору болот дедик дагы, жөн гана жашоону чечтик. Балага болгон көксөөбүз көкүрөктө жашынып калды. 

Кайын энем сонун аял. Бирөө менен иши жок. Кыңылдап ырдап, жай басып жүрө берет. Даттанып, ыйлап чалсаң "бала болбой сени, ошого дагы ыйлайсыңбы" деп урушат. Элдин сөзүнө маани бербей эле коюшумду айтышат. Бирок мен өзүм баарын жүрөккө жакын кабыл алган жанмын. Жөн тура албайм. 

Бир жумадан бери кайын энем биздин үйдө. Шаарга дарыланганы келген. Жумуштан келсең тамак даяр, үй жыйналып, кара мышыгыбыз агарып калган болот. Үйгө өзүнчө эле кут кирип калгандай. Күйөөм экөөбүз кетпей эле коюңузчу десек, "кара уйду торпогу менен, анан чалымды алып келип берсеңер, бул этажыңарда жашай берем" деп каткырат. Балкондо уй турганын элестетип боорбуз эзилип калды. 

Жумуштан отчет бергенбиз. Чарчап келип бат эле уктап калгам. Көзүмдү ачсам залда кайын энем менен күйөөмдүн үнү угулат. Уктай элек турбайбы деп баратып, сүйлөшкөн сөздөрүн кулагым чалып калды. 

- Апа, келиниңиз аябай чүнчүп кетти. Элдин сөзү экөөбүздү тынч койбоду.

- Анан эмне маани бересиңер, өзүңөр күнөөлүсүңөр. Сүйлөй бергиле деп коюп жүрө бергиле. 

- ...

- Сонун келиним бар э, балам.

- Ооба, келиниңиз сонун. 

- Билесиңби жаңы келгенде, боорсок жасайм деп отко байпагын күйгүзүп алганын.

Экөө каткырды. Аларга кошулуп мен күлдүм. Баштан сонун күндөр өттү го. 

- Ай, келиним назик, баарын жүрөгүнө жакын кабыл алат. Сен го жүрө бересиң. Ошон үчүн жакшылап кара, көзүңдү чукуйм, баарынан ошого кыйын. 

- Карап жатам апа, болбой эле ыйлап жатпайбы.

- Эки жакка барып эс алгыла, кичине романтик болсоң. 

- Апа, муну кайдан билесиз? 

Экөө тамашалашып жатып калышты. Ортодон мени болушунча мактап, келгенимден бери жакшылыгымды гана көргөнүн айтышты. Жүрөгүм ушунча жылыды. Экөө кандай сонун адамдар экенин билдим. Аябай ыйладым. Анан байкатпай ордума барып жатып алдым. 

Буга чейин мен өзүмдү гана ойлоп жүрүпмүн. Кабагым бүркөлсө мага кабатыр болуп жаткан адамдар бар экенин унутупмун. Аларга деле кыйын экенин унутупмун. Экөөнө ыраазы болуп, эртең башка адам болуп ойгоном деп уйкуга кеттим. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт