// //

Кайын энем бир күйөөдөн чыкканымды сындап отурган аялдарга мындай деди

2021.11.22, 15:21
19324

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келиндин баянын жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

- Эмне эле кыйналып жатасың? Бир нерсе айтайын дедиң беле?

- Ооба, неме, кандай десем, ошо, тиги бар го...

- Кыйнап жибердиң, болчу!

- Менин жубайым болчу...

Чөнтөгүнөн шакек алып чыкты. Кыялымдагыдай жөнөкөй шакек экен. Сунган колун ары түртүп туруп чуркап кеттим.

Кыш болчу. Тайгаланганыма карабай тез-тез басып баратам. О кудай, суранам, артымын келбесе экен! Шап токтотуп өзүнө бурду. Бышылдап мурдумду тарттым. Кучактады. Кармана албай ыйлап жибердим. “Мен сени сөзсүз бактылуу кылам” деген сайын шолоктойм. Басылдым. Шакегин алып колума тактым.

“Апа, бейсең, бейсең!” Үч жаштагы кызым шакегимди көрүп булдуруктап жатты. Эх, бала да. Эч нерсе түшүнгөн жок. Аркы бөлмөдөн апам чыгып колумду карады.

- Макул болдуңбу?

- Ооба.

- Өзүң билесиң да.

- Апа.

- Оу.

- Мен коркуп жатам.

- Мен дагы.

Биринчи турмушумдан жаңылып калгам. Сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Аябай кызганчаак эле. Той бүтөрү менен кол көтөрдү. Кечирим сурганынан кечирдим. Үч айлык боюмда барда, көк ала кылып сабап салды. Кетип калдым.

Апам кыздуу болгонун сүйүнчүлөп чалса, “ал меники эмес” деп трубканы басып коюптур.  

Экинчи күйөөгө тийбейм дегем, бирок Сейит оюмду өзгөрттү. Кызым аны көрөрү менен “Ата!” деп чуркап чыкты. Сейит чачынан сылап “кызым” дегенде тоңуп калган жүрөгүм эзилди.

Көшөгөдө отургам. Терезе ачык болчу. Сыртта иче-карын жууп жаткан аялдардын үнү угулуп жатты. “Ай, мурда ажырашкан турбайбы”, “бир эрден чыккан бекен”, “соо эмес бирөөгө”, “кыязы, күйөөсү кетирген окшойт”, “кызын эмне кылат экен”, “биздин баланын башын айлантып алды да”, “күнөө өзүндө болсо керек” ж.б.

Ыйлап отурсам кайын энем шорпо көтөрүп кирип келди. Баарын түшүндү окшойт, “азыр кызым” деген бойдон чыгып кетти. “Ай, уятыңар барбы! Ооба, балам ажырашкан аялды алды. Анын эмнеси бар экен? Мен кайра ушундай келиндүү болгонума бактылуумун. Эмне дүйнө жүзү боюнча менин эле келиним ажырашыптырбы? Өзүңөрдү көрүп алып, анан бирөөнү сындасаңар! Же ар бирөөңөрдүн күйөөңөр кандай экенин айтайынбы? Келиним жөнүндө дагы бир нерсе деп көргүлө, эмне кылар экенмин! Тур, үйүңөргө жөнөгүлө, рахмат жардамыңарга!" Аялдар эжелеп эле кечирим сурап калышты. Жашымды сүртүп, мурдумду тартып, шорподон ичтим.

Уулума суктанып, төрөтканада жаткам. Бир шар учуп келип терезеге тийди. Сыртты карасам, Сейит, кайын энем жана кызым үчөө кол булгалап жатышыптыр. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт