// //

Күйөөм кызымды бербейт жана көргөзбөйт. Кантип алсам болот?

2021.11.11, 11:49
512

Саламатсызбы! Мен көп жылдан бери кызымды алалбай келем. Жолдошум такыр эле бербей жатат же окутпайт. Кантип алсам болот? Кызымды аябай сагындым. Быйыл 3-класс болмок. Атасы бербейт же көргөзбөйт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.11.2021, 12:18

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 71-беренесинин 1-бөлүгүндө "Баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири аны менен катташууга, тарбиялоого жана багууга катышууга, баланын билим алуу маселесин чечүүгө укугу бар" деп көрсөтүлгөн.

Демек, сиз жогоруда көрсөтүлгөндөргө укуктуусуз. Бирок сурооңузга караганда, сизге кызыңызды көрсөтүүдөн баш тартып жатыптыр. Ошондуктан сиз сотко кайрылып маселени чечсениз болот. Сотко кызыңыздын жашоо ордун сиз менен жашоосун аныктап берүү жөнүндө кайрылсаңыз болот же кызыңыз менен жолугушуу үчүн график түзүп берүүнү сураңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт