// //

Кайын энем каза болгондон кийин кандай адам болчу экенин билдик

2021.10.31, 15:06
6497

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Энем келди, ура, эне...

- Балам ал энең эмес...

Күйөөм экөөбүз уулубуздун артынан жеткиче жанына барып туруп калды. Ал кемпирди мостоюп карап турду дагы, шап бурулуп сыртка чыгып кетти. Мен ыйлап жибердим. 

Бүгүн кайын энемдин кыркылыгын берип жатканбыз. Алтындай адамдан айрылганыбызга билинбей 40 күн болду. Эх... Меникиндей кайын энелер чанда гана кездешет. 

Айылдан туугандары келген. Улуу эжеси кайын энеме аябай окшош. Басканы, күлгөнү, фигурасы дегендей. Сыртта боорсок бышырып жүргөм. Кирип келип калса көзүмө кайын энем көрунүп жатабы деп чочуп кеттим. Анан эсиме келип, жанына барып катуу кучактадым. Кайын энемди сагындым.

"Кызыкем, кел чай ичели." Кайын энем чайын демдеп алып мени ушинтип чакырат эле. "Апа, өзүм эле" дегиче болбой чай куюп, май токочун сындырат. Көздөрү мээримге толтура, колдоур жумшак. Мен мындай кайын энени көргөн эмесмин.

Бул менин экинчи турмушум. Дагы жаңылып калуудан коркуп, күйөөмдүн сунушуна макул болбой жүрдүм. Менин оюм кайын энемди көргөндө өзгөрдү. Ооба, биринчи турмушумдан жакшы эле азап чектим. Кайын эне дегенден көнүлүм калган. Бирок, жакшы адамдар бар тура. 

Күйөөм мага айтпай жолугущууга апасын ээрчитип келди. Даяр эмес элем. Унчукпай, толкунданып отурдум. Анан эмне дешти билбей, "мен экинчи ирет жаңылгым келбейт, уулуңуз үйлөнө элек жигит, башкасын эле тапсын" дедим. Эмне үчүн анткенимди деле билбейм. Ошондо кайын энем "кызым, сезимдерди башкарганга жана жаңылбай жашаганга болбойт" деп күлүп карады. Бир айдан кийин тоюбуз болду. 

Удаасынан эки балалуу болдук. Балдарым төрөлгөндөн баштап эле кайын энеме жакын болуп өсүштү. Күйөөм экөөбүз колубузга алсак ыйлайт, кайын энем алса токтоп калышат. 

Түндө бейтапканага алып жөнөдүк. Улуу балабыз алты жашта. Кайын энемди тез жардам алып чыгып баратса, "энем эми келбейт" деп мени кучактап ыйлады. Мен келерин айтып сооротсом, "жок, келсе өзү мага келем деп айтмак" деди. Кайын энем эсин жоготкон бойдон ойгонгон жок. 

Мен өлүп тирилдим. Кайын энемден айрылып калганыма эч ишене албадым. Каза болгондон кийин дагы көп кишилер келип, убагында кайын энем жасаган жакшылыктарын айтып беришти. Алтындай адам болчу экенине дагы ынандым. 

Улуу балабыз баарын түшүндү. Кичүүсү күн сайын энесин сурап ыйлатып жатты. Минтип кыркылыкка улуу эжеси келсе ага окшоштуруп алып дагы жүрөгүбуздү оорутту.

Тамдын артында отуруптур. Күйөөм көтөрүп колуна алды. "Ата, энем эмес экен ал" деп ыйлап жиберди. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт