// //

Этек кирдин кыздарга эмне кереги бар? 8 суроого жооп

2021.10.27, 16:06
2204

Этек кир деген эмне? Анын кыздарга эмне кереги бар? Канча күн келиши керек?  Бул суроолорго гинеколог Нургазы Джанузаков жооп берет. 

Этек кири деген эмне?

Этек кирин медицина тилинде - менструалдык цикл деп айтышат. Бул орто эсеп менен 28 күндөн турган процесс. Анда жатындын ички бети – эндометрий бөлүнүп кан менен агып түшөт. Ошол эле учурда энелик безде жаңы жумуртка клетка жетиле баштап, фоллопий түтүктөрү аркылуу жатынга жыла баштайт. Ал учурда уруктануу болбосо, жатындын ички бети бөлүнүп кан менен агып түшүп, кайрадан жаны цикл башталат.

Эндометрий – бул жатындын ички бетин каптап турган былжыр чел. Ал майда кан тамырлар менен кеңири камсыздалган.

Этек киринин кыздарга эмне кереги бар?

Этек киринин башталышы кыздардын репродуктивдик функциясын аткарууга даярдык көрө баштаганынын белгиси. Башкача айтканда кош бойлуулука. Бирок бул бойго бүтүрүү керек дегендик эмес. Болочок эне психологиялык жактан да эне болууга даяр болушу керек.

Этек кири канча жаштан башталат?

Адатта, 12ден 15 жашка чейин башталат. Бир жылдын ичинде турукташып, циклдин аралыгы 21-35 күнгө чейин болот. Циклдин узактыгы этек кири келген күндөн кийинки этек киринин биринчи күнүнө чейин саналат.

Эгер 16 жашка чейин этек кири келбесе демек, гинекологго кайрылуу керек. Кечигип келген этек киринин себептери түрдүү:

  • борбордук нерв системасынын бузулушу:
  • энелик без тараптан гормоналдык фондун бузулушу;
  • экстра гениталдык патология;
  • богок безиндеги патология ж.б.

Кыскасы этек киринин 15-16 жашка чейин келбегени нормалдуу эмес. Көпкө созбой дарыгерге баргыла.

Этек кири канча күн болуш керек?

Нормага ылайык 3-7 күн.

Бул мезгилде канча кан кетет?

Эгер бир күндө 4-7 “прокладка” алмаштырса демек бардыгы жайында. Бул орто эсеп менен алганда күнүнө 20-50 грамм.  

Кандын өңү адатта кызыл, кара-кызыл болуп, өзүнө тиешелүү жыты бар. Кээде бөлтөктөр бөлүнөт. Чоочубай эле койгула. Бул эндометрийдин бөлүкчөлөрү. Ал көпчүлүк учурда этек киринин экинчи же үчүнчү күнү бөлүнүп чыгат. 

Этек кири келген учурда канча жолу жуунуп туруу керек?

Күнүнө бир жолу жуунуп туруу жетиштүү. Андан көбүрөөк жуунган да зыян. Себеби, жыныс кынынын ичиндеги нормалдуу флораны бузуп алуу мүмкүн. Ал өз кезегинде дисбактериоз же кандидозго алып келет.

Дисбактериоз – бул адамдын организминдеги бактериалардын баланстан чыгышы. Өтө көп же тескерисинче азайып кетиши. Кандидоз – бул “грибок” инфекциясынын бир түрү. Көпчүлүк учурда жалпы же жергиликтүү иммунитет түшүп кеткенде пайда болот. Эл арасында “молочница” деп аталат.

Кантип жууну керек?

Жылуу суу менен өйдөдөн ылдый каратып жууну керек. Башкача айтканда жыныс кынынан көтөндү көздөй. Тескерисинче жасаган болбойт! Себеби, түз ичегидеги инфекциялар жыныс кынына кирип кетиши мүмкүн. Аларды дарылоо кыйын.

Ич, бел, төштүн ооруганы нормалдуубу?

Этек кири келип жаткан учурда кыздарда ыңгайсыздык, дискомфорт пайда болот. Бирок белдин, ичтин жана төштүн аябай ооруганы нормага жатпайт. Сөзсүз гинекологго кайрылып, төш ооруса маммолого көрүнүп кою зарыл.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт