// //

Бул 6 себеп эркектердин чачы эмнеге түшөт деген суроого жооп берет

2021.10.26, 15:18
1112

Салам достор! Бүгүн мен силерге мырзалардын чачы эмнеге түшөрү тууралуу айтып берем. Баса, себептери жалпысынан 600дөн ашык, мен болгону алардын жетөөсүнө токтойм. Так диагнозун билүү үчүн трихологго барыңыз.  

1. Генетика

Чачтын түшүүсү, организмдеги өзгөрүүлөргө, тышкы факторлорго туруштук берүүсү генетика менен байланыштуу. Изилдөөлөргө ылайык, таз эркектердин болжол менен 80%ы генди ата-энесинен мурастап алышкан.

2. Гормондор

Кандагы гормондордун деңгээли өмүр бою өзгөрүп турат. Алсак, өспүрүмдөрдүн чачынын түшүшүнө жыныстык жетилүү себеп болот. Алардын чачы майланышат, ичкерет, өсүүсү басаңдайт. Гормондору турукташкандан кийин чачы мурунку формасына кайтып келет. 

3.  Эндокриндик оорулар, витаминдин жетишсиздиги

Эндокринологдор чачтын түшүүсүн кант диабетинин экинчи белгилери катары классификациялашат. Организмдеги зат алмашуу процесстери бузулганда, чач фолликулалары жетиштүү тамактана албай, жыйынтыгында чач суюлат. Гипотиреоз, гипертиреоздо, иммундук система бузулганда дагы чач түшө баштайт. 

4. Туура эмес тамактануу

Тамак-аштын режимин жана курамын көзөмөлдөө керек. Балансталбаган тамактануу, витаминдердин жана минералдардын жетишсиздиги - бул чачтын түшүшүнө түз жол. Мындан тышкары, иммунитет төмөндөгөндө ар кандай оорулар пайда болот, бул дагы чачка терс таасир берет.

5. Инфекция жана өнөкөт оорулар

Инфекциялардын, өнөкөт оорулардын күчөшү организмди ууландырат. Мисалы, сасык тумоо, пневмония, безгек, сифилис ж.б. Ар кандай оору менен ооруганда чач фолликулдары жабыркайт.

6. Экология, зыяндуу адаттар

Ичимдиктер, чылымдар организмди ууландырып, иммунитетке таасир берет. Булардын арасында булганган аба, таза эмес суу сыяктуу экологиялык көйгөйлөр дагы бар. Булардын баары сөзсүз чачтын түшүүсүнө дагы себепкер болот. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт