// //

Апам иштеп мага, иниңе жардам бербейсиң деп таарынат

2021.10.15, 13:47
858

Саламатсыздарбы! Турмушка чыкканыма 6 жыл болду. Баары жакшы, бактылуумун десем болот. Атамдын каза болгонуна он жыл болду. Эки эжем, бир иним бар. Үй жай, мал жан бар. Иним болсо үйлөнө элек.

Эми апам иштеп мага жардам бербейсиң, иниңди колдоп, колдон буттан ал дейт. Күйөөмө иштейин десем иштейтпейт. Апам болсо өзүңдүн иштегиң келбейт дейт. 

Эмне кылсам болот? Кимисине жан тартаарымды билбей башым катып калды. Баарын таштап башка жака кетип калайын десем эки балам бар. Аларды кыя албайм. Мага жооп бергилечи. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.10.2021, 13:52

Айдана Мадишова 

Психолог 

Саламатсызбы окурман. Абалыңызды түшүнүп турам, бир жактан өз апаңыз жардам сурап жатса, экинчи жактан жолдошуңуз иштетпей жатыптыр. Мындай учурда бир чечим кабыл алуу кыйын иш.

Өзүңүзчө олтуруп бул боюнча терең ой жүгүртүп көрүңүз:

  • Мен эмне менен алек болгум келет?
  • Апам менден эмне күтүп жатат?
  • Мен анын суранычын аткарууга даярмынбы?
  • Эгер иштесем кандай жерде иштейм жана балдарыма бул кандай таасир берет?

Андан соң жолдошуңуз менен бул темада сүйлөшүп көрүңүз, апаңыздын сиздин жардамыңызга муктаж экендигин айтып, анын да ойлорун угуп көрүңүз.

Негизгиси башкага эмес, өзүңүзгө ыңгайлуу чечим кабыл алууга аракет кылыңыз!

Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт