// //

Кайын энем экөөбүз кантип тил табышканыбыз баарына кызык боло берет

2021.10.13, 18:09
4130

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен деле башка кыздар сыяктуу бактылуу болгум келген. Сүйүүгө балкып турган жаным баарын жакшы адам ойлогом. Бирок, турмушка чыккандан кийин жыргап кетпедим. Кайын энемдин бир көз карашы баарын өзгөрттү. 

Жактырбады. Жактырбадым. Ал кыялын көрсөттү. Мен кыялымды көрсөттүм. Экөөбүз жакшы эле тирештик.

Ушул жерден күйөөмө рахмат айткым келет. Апасына же мага тартып туруп алган жок. Экөөбүздү тең жакшы көрөрүн айтты. Бирок, бөлүнүп кетүүнү сунуштап, батир тапты. Бир айга жетпей көчө турган болдук. Эмнегедир кетким келбеди. 

Кайын энем дагы мурдагыдай болбой калды. Кылган жумушума көп кийлигишпейт. Кайра чогуу бир нерсе жасайлы, мисалы, манты түйөлү деп келип калат. Мен дагы өзгөрө баштадым. Тамашалашып, жылуу сөздөрдү айтып калам. Кайын энем дагы жооп кайтарып, мени мактап калат.

"Бул жууркандарды алып ал, суукта жамынасыңар." Кайын энем чоң жууркан көтөрүп келди. Жүктөрдү чогулта баштагам. Көңүлү жок жанымда отурду. Экөөбүз ар нерсени божурашып сүйлөштүк.

Дагы эле кетким келбеди. Жок, башкаларга калып калгыла, бөлүнбөгүлө деп айткым келбейт. Болгону мен кетким келбей жатты. Күйөөм батирдин акчасын берип келгенин айтты. Тууй, артка жол жок дедим. 

"Экөөбүз жөн жүрсөк болмок экен кызым", кайын энем ушинтип жаныма келсе, таң калып туруп калыпмын. Биринчи жолу кызым деди.

- Мен дагы туура эмес кылып койдум, сага көнүп алгам, эми кантем.

- Апа, мени дагы кечирип коюңуз.

- Убагында жылуу сөз айтып койсом кана...

- Мен дагы сизге жылуу сөз атйпадым...

- Экөөбүз сүйлөшүп эле алсак, э кызым...

- Эхх...

Экөөбүз унчукпай жанаша отурдук. Күйөөм кирип келип карап туруп калды. "Тур, машина келди, кеттик. Макул апа, эртең  келип кетем." Башымды жерге салган боюнча жөнөдүм. Кайра артка келип кайын энемди кучактадым. Ал дагы катуу кучактады. Мурда эле кучакташсак болмок экен. Мурда эле ачык сүйлөшсөк болмок экен.

- Мен кетпейм.

- Эмнеге? Батирдин акчасын төлөп койгом.

- Мен кетпейм. Апам менен болом.

Машинага отурбай койдум. Кайын атам узатып чыккан. Эмне болгонун сурап жаныбызга келип калды. Оюмду айтсам, ал дагы колдоду. "Тур, байбичемди капа кылбай, үйгө киргиле." Күйөөм жылмайды. Мен жуурканымды көтөрүп чуркап кирип кеттим.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт